www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан үчүн качкындарды кабыл алуу ого бетер зыян. Мындай пикирди белгилүү журналист, акын Жыргалбек Касаболотов билдирди. 

--“Ушу тапта ооган качкындары тээ алыскы Түркияга чейин барууда. Андыктан биз Ооганстан менен чектешпесек эле бул агым бизге келбейт деген кепилдик жок.

Расмий Анкара аларды кабыл алуудан баш тартты. Анткени буга чейин Евробиримдиктин акчасына кызыгып 4 миллион сириялык качкынды жакшы шарттар менен киргизген, аны түрк коомунун баары эле жактыра берген эмес.

Азыр Ирандан келчү качкындардын алдын алып кадимкидей эле чеп куруп жаткан чагы. 83 миллион калкы бар Түркия мынчалык чара көрүп жатса, демек калкы 6 миллиондон араң ашкан, анын да кыйласы миграцияда жүргөн Кыргызстан үчүн качкындарды кабыл алуу ого бетер зыян.

Алардын арасында кимдер жүргөнүн билбейбиз, ниети эмне экенин билбейбиз, келгенде жергиликтүү калк менен алака-катышы кандай болорун билбейбиз. Кандай жагынан алганда да колдон келишинче жолотпош керек”, - дейт Касаболотов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости