www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы сот системасы Дания өлкөсүндөгүдөй болот

Кыргызстанда сот системасын Дания өлкөсүндөй кылууну карап жатабыз. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Аблабек Асанканов билдирди.

Анын айтымында, президент, парламент жана сот көз карандысыз болуп, бирок кызматташтыкта иштөө керек.

"Дания, Норвегия, Финляндия жана Швециянын сот системасын окуп чыктым. Сот абсолюттук болбосо дагы көз карандысыз болушу керек. Эгер сотту президент, Жогорку Кеңеш шайлап жатса, анда кайдагы көз карандысыздык. Данияда сот 1916-жылы пайда болуптур жана ал дүйнөдөгү эң мыкты сот деп таанылат. Биз дагы сотту Дания өлкөсүндөй кылууну карап жатабыз", - дейт ал.

Асанканов сот өздөрүн-өзү шайлап, президент жана парламенттин тиешеси жок болушу керектигин белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости