www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-ноябрда Бишкекте Жогорку соттун имаратынын жанында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Садыр Жапаровдун тарапташтары менен мушташып кетишти.
Бакай Кашкарбаев аттуу адам Азиз Батукаевдин бошотулушу үчүн Алмазбек Атамбаев моралдык жоопкерчилик тартышы керек деп билдирди.
“Ооба, силер Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү жок деп жатасыңар. Балким, ошондой. Бирок ал ошол кезде бийликте болгон. Демек, анын бул ишке түздөн-түз тиешеси бар. Ал жооп бериши керек”, – деди Кашкарбаев.
Активисттин билдирүүлөрүнө Атамбаевдин тарапташтары нааразы болуп, аны менен мушташып кетишти.
Чогулгандардын айтымында, Кашкарбаев Садыр Жапаровдун тарапташы.
Эске салсак, Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун жанына анын жактоочулары депутат Ирина Карамушкина, Сеид Атамбаев жана Алия Шагиева келишкен.
Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан дагы ажыратуу өкүмү чыккан.
Булак: NazarNews.kg