www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын соттук системасы анын мүчөлөрүн президент жана парламент тарабынан дайындалуусуна макул экендигин билдиришти. Бул тууралуу конституциялык жыйындын мүчөсү Нурлан Исмаилов маалымдады.

Анын айтымында, жыйындын мүчөлөрү бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга кызыктар.

«Бирок, ошол эле учурда, бардык бийлик бутактарынын жоопкерчилигин аныктоо керек. Биз үчүн фундаменталдуу маселелер - көз карандысыздык, парламенттин жана сот бийлигинин өз алдынчалыгы. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган катары мыйзам долбоорлорун өз алдынча кабыл алып, бийликтин башка бутактарынын көз карандысыздыгын камсыз кылышы керек. Чындыгында Сот тутумунун өкүлдөрүнүн пикири бизди таң калтырды - алар сотторду президент дайындап, парламент бекитиши керектигине макул экендигин билдиришти. Бул Конституциянын долбоору кабыл алынбай калышы мүмкүн, бирок биздин соттук система көз карандысыздыкка, президенттин жана парламенттин мыйзамсыз чечимдерине каршы туруу мүмкүнчүлүгүнө умтулушу керек ", - деди Нурлан Исмаилов. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости