www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы толугу менен берилет:

— Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар. «Биринчи радиодо» «Президент менен ачык сөз» уктуруусу. Биз адаттагыдай эле Мамлекет башчыбызга өлкөдөгү орчундуу маселелер боюнча бир нече суроолор менен кайрылалы деп турабыз.

— Саламатсызбы Сооронбай Шарипович?

— Саламатсызбы.

— Урматтуу Президент, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташып калгандай. Ошентсе да дарыгерлер абалдын кескин өзгөрүп кетүүсүн жокко чыгарышкан жок. Аймактарда ооруканаларды оңдоп-түзөө, кошумча имараттарды ачуу, медициналык жабдуулар менен камсыздоо боюнча тапшырмаларды бердиңиз эле. Ар кандай кырдаалга даяр туруу боюнча аракеттер кандай жүрүп жатат?

— Премьер-министр Кубатбек Айылчиевич менен иштин жүрүшү боюнча маалымат алмашып, күнүмдүк иштерди жана келечек пландарды үзгүлтүксүз талкуулап турабыз. Экөөбүз ар дайым байланыштабыз.

Андан тышкары, өзүңөр билгендей, жума сайын экөөбүз онлайн режиминде өлкөнүн күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча багыттарды аныктап, өкмөттүн кечиктирилгис иштери менен тааанышып турам.

Ошондой зарыл иштердин бири — региондордогу ооруканаларды кошумча орундар менен камсыздоо ишин дагы алып кетип жатабыз.

Өкмөт маалымат берди. Азыр жалпысынан 12 объектиде жумуш жүрүп жатат.

Аймактарда жайгашкан 9 оорукананы капиталдык оңдоп-түзөп жатышат.

Муну эмне үчүн жасап жатабыз? Өткөндө билесиз, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы ачык айтты. Качан оңолот, качан токтойт бул оору, биз дагы айта албайбыз, деп айтты. Вакцина чыкканда деле баары бир даяр болушубуз керек, ар кандай бул оорунун таркалуусу боюнча. Суук мезгилге кокус оору дагы улана турган болсо, ошого даярдык көрөлү деп, ооруканаларды, мурунку ар кандай шылтоолор менен реформа жүргүзөбүз деген, ар кандай программанын негизинде программа түзүшүп, ошонун негизинде көп койко-орундар жоюлуп, жакшы ооруканалар, имараттар жабылып калган. 15 жыл, 20 жыл болгондор бар.

Ошолорду биз кайрадан капиталдык ремонттон өткөзүп, жандандырып, ошол ооруканаларды иштетели деп, ишке берели деп аракеттер болуп жатат. Мына ушунун натыйжасында, республика боюнча 1000ден ашык орундар даяр болот. Өткөндө эле көрдүңөр, Бишкек шаарында 100 орундук жугуштуу оорулар бейтапканасынын курулушу башталды. Премьер-министр Ошко барды. Нарында башталды — 70 орундук оорукана. Биз ушул объектилердин бардыгын тең максималдуу тез арада бүткөрүүнү пландаштырып, тапшырманы бердик. Бюджеттен дагы каражаттары чечилди.

Бул ооруканалар медициналык жабдык, эмерек, шаймандар менен камсыз болот.

Өкмөт жергиликтүү бийлик менен бул багытта ишти өзгөчө көзөмөлдө жүргүзүүдө.

Мен толук кабардармын.

Өткөндө Таласка барганда дагы, Каракол, Чолпон-Ата, Ысык-Көлгө дагы барып, таанышып келдим. Иштин баары күчөтүлгөн режимде жүрүп жатат.

Мындан тышкары, мен буга чейин айтып келдим, тапшырмаларды азыр берип жатам. Шаарларга, облустук борборлорго комплекстүү медициналык кызмат көрсөтчү, жаңы типтеги ооруканалар курулат.

Мунун баары менен жарандарыбыз үчүн ыңгайлуу шарт түзөбүз.

Ооруп калган адамдарыбыз, шаардын тигил башынан бул башына убара болбой, бир жерден комплекстүү медициналык кызмат ала турган шарт түзөлү деп атабыз.

Бул көптөгөн кыргызстандыктардын тилеги.

Мындай ооруканаларды куруу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде болот.

Бул ишти азыр баштап алсак, буйруса келебиз деген инвесторлор бар.

100 млн долларга чейин оорукана салабыз деп, эң алдынкы технология менен курабыз деген ишкерлер бар.

Бизден дагы чыгат, өзүбүздөн. Аларга көңүл бурулбай, шарт түзүлбөй, ошол мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча ушул ишти баштабай туруп калган. Азыр жанданып жатат. Өзүм карап, тапшырма берип жатам.

Ал жерде эмнеси менен өзгөчөлүк болот? Бул эң алдыңкы технологиядагы жабдык менен жабдылат. Бизде көбүнчө катуу оорулуулар дарыланыш үчүн Түркия, Россияга, алыскы мамлекетке кетип жатпайбы. Проблеманы ошону менен чечебиз.

Бул боюнча инвесторлор бар. Эми ошону жергиликтүү бийликке айтып жатам, отура бербей кыймылдагыла деп. Инвестор бар, каражат бар. Ошолорду тартып, шарт түзүп, алып келсеңер иштейт деп. Бул боюнча иш алып барып жатабыз. Менин көзөмөлүмдө. Муну дагы ишке ашырабыз.

— Сиз аймактарды кыдырууну улантып жатасыз. Пандемия аймактарда бир топ көйгөйлөрдү ачыктады. Эл аралап жүрүп, дагы кандай маселелерди көрө алдыңыз?

Аймактарды өнүктүрүү боюнча Сиздин президенттик саясатыныз кандай ишке ашууда деп ойлойсуз? Жалпысынан аймактардагы абалга кандай баа бересиз?

— Жакшы билесиз, мен Президент болуп шайланып, кызматка келгенден баштап, 2018-жылды — Аймактарды өнүктүрүү жылы деп Жарлыкка кол коюп, жарыяладым. Муну мен эмне үчүн жасадым? Мен аймактарда иштеп келдим. Ал жактагы кыйынчылыктардын баарын тең көрдүм, билдим. Жергиликтүү бийликтин ошол маселелерди чечкенге мүмкүнчүлүгү жок, кудурети да жок, каражаты да жок. Ошонун негизинде миграция күчөдү, Россияга, башка мамлекеттерге, мына биздин боордош Казакстан мамлекетине, андан тышкары, Бишкек шаарына, Ош шаарына, облустук борборлорго — каерде жумуш орун болсо, ошол жакка миграция күчөдү.

Эмне үчүн дегенде, айрыкча алыскы, бийик тоолуу райондордо, аймактарда, ал жакка каражат бөлүнбөй, жетпей, кайра иштетүү өнөр жайы, медициналык кызмат, билим берүү, таза суу, ирригация, айылга эң керектүү элди кармап кала турган шарттарды түзүү маселелери борбордук бийликтин көңүлүндө болгон жок. Мен ошол үчүн акыркы үч жылды катары менен региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялап келем.

Мунун максаты эмне? Премьер-министр болуп турганда, программа кабыл алганбыз. Жыйырма таяныч шаарды пилоттук деп аныктаганбыз.

Ошол жыйырма шаардын тегерегинде өнөр жай ишканаларын куруу, ошол жерде өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетип, экспортко алып чыгуу.

Эң негизгиси Бишкек шаарындай, Ош шаарындай, эл качып жатпайбы, кайда жакшы турмуш болсо, жумуш орундары болсо, айлыгы жогору болсо, иш орундары болсо кетип жатат да, ошол Бишкек, Ош шаарындай шарт түзүү, каражатты ошол жактарга салуу. Мына бул багытта иш башталды.

Эми токтолуп кетейин, калкыбыздын 70%ы айыл жеринде жашайт деп тизме турат. Бирок чындап келгенде, айылдардан көбү кетти. 70% эл жашабайт.

Ал жерде каттоодо болгону менен көбү Россияда, Казакстанда, Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Караколдо, облус борборлоруна кетип калышкан. Ошол элди кайра кайтаруу, эми баарын кайтара албасак дагы азыркы өсүп келе жаткан муунга, биздин балдарыбызга ошол жерде жумуш орундарын түзүү.

Ал үчүн эмне кылыш керек?

Ал үчүн мамлекетте болгон каражаттарды ошол жактарга буруу керек. Мына ушул саясатты өзгөрттүк азыр. Өзгөртүп, мамлекеттеги болгон мүмкүнчүлүктөрдү, бюджеттен дагы, мамлекеттик банктардан дагы, иштеп жаткан Россия-Кыргыз фондуна окшогон фонддордон дагы жана сырттан келген каражаттарды дагы, азыр атайын фонд түзүп жатабыз.

Ошол аймактарда иштеген, ошол жактарда өндүрүлүп жаткан — эт, сүт, жүн, тери, Баткенден өрүк, мисалы, кээ бир жерлерде алма, жемиштер бар, Таласта өндүрүлгөн азык-түлүк бар, ошолорду кайра иштетем, экспортко алып чыгам, дыйкандар өндүргөн продукцияларды сатып алам деген ишкерлердин баарына тең ошол каражаттардан берүү, өнөр жай тармагын алыскы бийик тоолуу региондо өнүктүрүү, ошол аркылуу жумуш орундарын түзүү.

Элди ошол жерде кармап калуу, ошол эле мезгилде дыйкандардын өндүргөн продукцияларын сатып алып, сыртка алып чыгуу.

Ошондой болсо, бул бири-бирине абдан чоң байланышкан да. Мына, мисалы, каражат барды ишкерге, ал жумушчу орун курду. Ал жерде 10-15 же 30 киши иштесе дагы алар бала-чакасын багат. Ошол эле ишкер жергиликтүү бюджетке салык төлөйт. Салык аркылуу айыл өкмөттөгү, айылдагы болбой жаткан иштер бүтө баштайт.

Дыйкандын да өндүргөн продукциясы сатылып, сыртка чыга баштайт. Азыр мындай айтканда, көпчүлүгү сатылбай, экспортко чыкпай, арзан баа болуп жатпайбы. Дыйкан-фермердин да өндүргөн продукциясынын баасы жогорулайт жана ал да билет кайда сатам, өндүрөм деп, специализация да болот бул боюнча. Ошол нерсени биз мына жасадык, каражатты элетке бурдук.

Экинчи, ишкерлерге шарт түзүү боюнча жеңилдиктерди да жасадык. Өкмөт, Жогорку Кеңеш аркылуу көп салыктар боюнча жеңилдиктер берилди, айрыкча чек арада жайгашкан аймактарга жана алыскы бийик тоолуу аймактарга жеңилдик берилди.

Мен эмне үчүн таза суу деп атам?

Калкыбыздын 60%да таза суусу жок. Бул эми таза суу деген ден соолук да, балдардын келечеги да. Таза суу болбосо, калктын ден соолугу бекем болбойт, оорулуулар көп болот, өзүңөр билесиңер. Таза суу бар жерде оору да аз болот. Баары тең суу менен, тамак-аш менен байланышкан. Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча шайлоодо да убада бергем. Мына ошонун үстүндө иштеп жатам, буйруса, 2024-жылга чейин ушул таза сууну бүтүрөлү деген ниетим бар, бүт Кыргызстанды камсыз кылалы деп.

Өлкө боюнча таза суу менен камсыз болбогон 822 айыл аныкталган, мындан мурда 615 айыл аныкталган. Анан кийин 207 айыл кошулду. Өткөн үч жылда 107 айыл таза суу менен камсыз болду. 2024-жылы 715 айылды камсыз кылышыбыз керек. Бүгүнкү күндө 588 айылдын так тизмеси түзүлүп, 33 млрд сомдук финансылык булактар аныкталды. Гранттык жана кредиттик узак мөөнөттүү каражаттар. Каражаттарды биз эл аралык финансылык институттардан тартып жатабыз. Алар да түшүнүп, жардам берип жатышат. Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы, Евробиримдиктин жана Швейцария конфедерациясынын колдоосу менен 20 шаарыбызда 14 млрд 700 млн сом өлчөмүндөгү ири долбоор ишке ашырылып жатат.

Бул акча каражаттарынын 65 пайыздан көбүрөөгү гранттык түрдө, ал эми калган бөлүгү кредиттик түрдө 15 жылга алынды, төмөндөтүлгөн пайыз менен. Буйруса, азыр биз таза суу боюнча башка да финансылык институттар менен иштеп жатабыз. Булар: Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Катардын кайрымдуулук фонду. Андан тфышкары, сырттан келген фонддор бар — Ас-Сафа, Ас-салам деген ар түрдүү фонддор бар. Алардын жетекчилерине өзүм жолугуп, Сауд Аравияга барганда дагы, бул жерге келгенде дагы өзүм жолугуп, таза суу, ирригацияга, бала бакча, ФАПтарга көп көңүл буруп берсеңер деп кайрылдым.

2014-жылга чейин бюджеттен таза сууга деп 25 млн сом гана каражат бөлүнүп келген. Кийин 50 миллионго чыкты. Аны менен жүрсөк, аларды 100 жылда да бүтпөйбүз. Биз муну дагы көбөйтө баштадык. 2018-жылдагы 250 миллион болду, азыр 500 миллионго чейин жеткизели деген ниетибиз бар. Буюрса, буга дагы бюджет жагынан чоң колдоо көрсөтө баштайбыз.

Мен жана башында айтып кеттим, менин негизги максатым — бул абдан чоң маселе, амбициялык чоң программа, улуттук программа. Бирок кандай кыйын, оор болсо дагы муну ишке ашырабыз.

Азыртан иш жүрүп жатат, 2024-жылга чейин бардык кыргызстандыктарды таза суу менен камсыз кылабыз.

Экинчи чоң маселе — бизде көп жерлер бар. Бирок сугат системасынын мүмкүнчүлүктүн жоктугунан каражаттар бөлүнбөй, алар дагы токтоп калган. 2026-жылга чейин ирригация боюнча программаны кабыл алдык. Биздин максатыбыз, ошол дың жерлерге суу чыгарып, айылдарды жайгаштырып, жаштарды жайгаштырып, жумуш орундарын түзүү. Бул 2026-жылга чейин кабыл алынган абдан чоң программа, улуттук долбоор. Буга дагы сырттан каражаттарды тартышыбыз керек, иш алып барып жатабыз. Мен айткандай, чоң амбициялык программа, ишке ашыруу оңой эмес, билим турам. Бул оңойлук менен болбойт. Бирок, ага карабастан, чоң программа кабыл алдык, ишке ашыралы деп. Бул 3 этаптан турат. Эки этабы менин президенттик мөөнөтүмдө ишке ашат. 2024-жылга чейин 31 суу чарба объектиси пайдаланууга берилет. Мунун натыйжасында 27 миң гектар жаңы сугат жерлер өздөштүрүлөт. 46 миң гектар жердин суу менен камсыздоосу жакшырат. 2018-2019-жылдары 1364 гектар жаңы сугат жерлерин өздөштүрдүк. 1700 гектар жерди пландаганбыз, бул дагы буйруса 2020-жылы өздөштүрүлөт.

Өзгөчө көңүл бура турган жер — бул ирригациялык долбоорлор, көбүнчө Баткен облусунда. Эмне үчүн дегенде, ал жакта суу маселеси абдан оор. Таза суу боюнча да, сугат суу боюнча дагы. Өткөндө Баткенге барып, кыдырып келдим. Эми чоң долбоор бар. Мен илгери айыл чарба министри болуп турганда планга киргизип, башталып, анан токтоп калган болчу. Премьер болгондо, барып келдим эле. Президент болгондо барып, муну баштоо боюнча тапшырма берип келдим. Бул Лейлек районундагы «Максат» дюкер курулушу.

Бул боюнча күздө ишти баштайбыз. Ал долбоор буюрса 2023-жылы ишке кирет. Чек ара аймактарында 1800 гектар жаңы жерлер пайда болот. Насостук станциялар менен чыгып жаткан жерлерди дагы өзү келип сугара турган системага айландырабыз.

Көбүнчө долбоорлор бул Баткен облусунда. Миграция да Баткен облусунда көп. Чек ара маселелери да ал жакта. Анан таза суу такыр жок. Социалдык объектилер дагы курулуш керек. Ошол үчүн элди ал жакта кармап калуу, жумушчу орундарын түзүү үчүн Баткен облусуна дагы ирригация маселесине көңүл буруп жатабыз. Баткен облусу эле эмес, бардык жердеги — республикадагы муктаж болгон, мүмкүнчүлүгү бар жерлерди программага киргизгенбиз, ошонун баарын ишке ашырабыз.

Борбордук бийлик тарабынан, биз тараптан программасы бар иштер кетип жатат, ишке ашып жатат. Бирок айтат элем, ошол жергиликтүү бийлик дагы — облус жетекчилери, район жетекчилери, айыл өкмөттөрү, айыл башчылары — булар да тынымсыз иштеш керек, издениш керек, ушул маселенин сапаттуу ишке ашуусун көзөмөлдөш керек.

Ошого кетип жаткан каражаттардын үнөмдүү пайдаланылышына, объектилердин баарынын сапаттуу бүтүшүнө мындан дагы абдан чоң таасир болот. Барган жерлерде, элге айтып жатам, бул каражат силердики, көзөмөлдөгүлө деп. Ар бир тыйынына чейин эсептегиле деп жатам. Буйруса, жалпы элдин колдоосу менен келген каражаттарды туура пайдаланып, мен айткан объектилердин баарын ишке ашырабыз деген үмүтүм бар жана менин көзөмөлүмдө.

Аймактарда социалдык тармактар боюнча көйгөйлөр абдан көп. Өзүңүз айткандай, пандемия аларды дагы терең ачыктап салды. Өзгөчө саламаттык сактоо тармагы жылдап талкаланып келгендигин баарыбыз билебиз.

Ар кыл реформалардын негизинде ФАПтарды жоюп, алар жок кылынып, кээ бир ооруканалар жабылып, койко-орундары кыскартылып, мына ошолорду кайра ордуна келтирүү боюнча иштерди алпарып жатабыз. Жылдап талкаланган нерсени калыбына келтирүү үчүн жылдар керек экен. Бул оңой иш эмес. Ошондуктан мен баш болуп, аткаруу бийлиги, жергиликтүү бийлик тынбай иштеп жатабыз.

Мына үч жыл болду, үч жылдан бери Премьер болуп турганда ФАПтарды ордуна келтирүү боюнча иштерди баштаганбыз. Ар кандай фонддор менен, мамлекет тарабынан бул иштерди улантабыз. Мен инвесторлор менен жолукканда алыскы бийик тоолуу райондорго биринчи медициналык жардамга муктаж болгондорго шарт түзөлү деп айтуудамын. Бул боюнча иш болуп жатат.

Кечээ жакында эле Ысык-Көлгө барып, Чолпон-Ата шаарында медиктер менен жолуктум. Алар менен сүйлөштүм. Ошол жерде Жекшенбек Кыргызбаев деген ардагер дарыгер бар экен. Ошол жердеги көп маселени айтты, врачтар да айтышты. Ушул илдет болбосо, врачтарды мамлекет эстемек эмес, ушул илдет болгону үчүн бардык көйгөйлөр чыгып, врачтарга көңүл буруп атасыңар деп. Бул ачуу чындык, муну моюнга алыш керек. Аларга ыраазычылыгымды билдирдим, азыр дагы билдирем.

Мындай оор мезгилде врачтарыбыз каармандык менен иштешти, азыр да иштеп жатышат. Жаш кадрлар токтобой жатат, аларга шарт түзүлбөй жатат деген маселени коюшту.Чынында 5000-7000 сом алган врачтарга сүйлөш деле оңой эмес, кыйын экен. Аларга деле кыйын. Бул көп жылдан бери топтолуп келген маселе. Бул маселени бир жылда чече койбойбуз. Бирок биздин максатыбыз — айлыкты көтөрүү, медициналык кызматты жакшыртуу.

Бир жарым жылдан бери Коопсуздук кеңешинин күн тартибинде саламаттыкты сактоо тармагын карап, реформалоо боюнча маселени алып чыгып даярдап койдук эле, март айында карамакпыз. Илдет башталгандан тартып, токтоп калды. Эми, буюрса, алар иштер жатышат, Коопсуздук кеңешинин алдында дагы бир кошумча жумушчу топ түзүп, кырдаал турукташкандан кийин саламаттыкты сактоо системасын реформалоо боюнча карайбыз. Саламаттыкты сактоо тармагын сөзсүз оңдойбуз.

— Сөзүңүзгө аралжы, азыр өлкөнү туташ санариптештирүү жүрүүдө. Бул көмүскө экономиканы ачыктайт, андан түшкөн каражат дарыгерлерибиздин айлыгын көбөйтүүгө жумшалат дедиңиз. Бул канчалык убакытты талап кылат?

— Өзүңүздөр билесиздер, бул жылы дагы Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяладык. Бардык тармактарды санариптештиребиз. Санариптештирүүнүн эң негизги максаты — көмүскө экономикадагы каражаттарды ачыктоо. Ошол эле медицина жана башка тармактардагы айланган каражаттарды бюджетке түшүрүү, ошонун эсебинен мугалимдердин, медиктердин жана башка бюджеттик тармактын, айрыкча, социалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрүү, чечилбей келаткан көйгөйлөрүн чечүү, реформа жүргүзүү.

Санариптештирүү тез эле ишке ашып кетпейт. Биздин өлкөдө кеч башталып калды. Бирок азыр жыйынтыктарын бере баштады. Айрыкча бажы, салык системасында жана башка каражат түшкөн системаларда санариптештирүүнү тездетип жатабыз.

Ошонун жыйынтыгын бере баштаганда, айлыктарды көтөрө баштайбыз. Бул келечектин иши. Бүгүн-эртең көтөрүп жиберем деп куру убада бере албайм. Бирок канча тездетсек, көмүскө экономиканы алып чыксак, ошого жараша биз айлыкты көтөрөбүз. Буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун айлыктарын көтөрдүк. Эми стационарда иштегендердин айлыгын көтөрөбүз. Ал боюнча тапшырма берилди, аны көтөрөбүз, бул боюнча иштеп, жолдорун издеп жатабыз. Көтөрбөсөк болбойт.

— Сиз өткөн маекте мамлекеттик кызматка алууда мыктыларга артыкчылык берилерин айттыңыз эле. Ал эми эл арасында мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу керек деген пикирлер бар. Мамлекеттик кызматтарды оптималдаштыруу, мамлекеттик түзүмдөрдөгү сарамжалдуулук жана үнөмдөө боюнча талаптар күчөтүлөбү?

— Бул абдан жакшы суроо болду. Пандемия шартында баарыбыз көрдүк. Бир эле биз эмес, бүт дүйнө ушундай көрүнүшкө туш болду.

Жеке сектор да, ишкер чөйрө да, мамлекеттик органдар да өз ишин өзгөртсө болот жана өзгөртүшү керек экендиги айкын болду.

Мурун эле менин ойлорум бар эле, ошол ойлорумду ушул кырдаал бекемдеди.

Бул — мезгилдин талабы. Бул — муктаждык. Албетте, биздин мамлекет дагы ошондой реформа жасай турган кадамдарга барат.

Буга чейин деле өлкөдөгү административдик-территориалдык реформа боюнча өтө көп айтылып келген болчу. Буюрса, болот. Буга биз даярбыз. Ар кандай шарт менен болбой келди.

Бирок, алдыдагы парламенттик шайлоо өткөн соң, ошол реформага киришебиз жана аягына чыгабыз.

Ошондо бир топ бири-бирин кайталаган мамлекеттик органдар жоюлуп, өзгөрүүлөр жана кыскартуу да болот. Мамлекеттик системанын ыкчам иштегенге, бюрократияны азайтып, маселени тез чечкенге өбөлгө түзүлөт.

— Сооронбай Шарипович, кече жакында кыргыз-тажик чек арага жакын аймакта жагымсыз окуя катталды. Жергиликтүү элди чочуткан мындай окуяларга качан чекит коюлат? Чек араны тактоо иштери кандай жүрүүдө?

— Чек ара маселесин чечүүдө, албетте, биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыктары эске алынышы шарт.

Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөйт.

Бул маселенин татаалдыгы да мына ушунда.

Азыр коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери уланууда.

Өкмөттөр аралык жумушчу топтор тынымсыз байланышта иштеп жатышат.

Иш жакшы кетип атты эле, коронавирус илдети муну токтотуп койду. Муну буюрса, улантабыз.

Айрыкча, кыргыз-тажик чек ара участоктору боюнча талкуу уланууда.

Мен тажик коллегам, урматтуу Эмомали Рахмон менен кандай гана аянттарда жолукпайлы, чек ара маселесин дайыма талкуулайбыз.

Жылыштар бар, бирок маселе жогоруда айткандай, чечиле элек. Бирок, эки өлкөнүн ортосунда түшүнүү бар.

Чек ара маселесинен келип чыккан чыңалууну кээде турмуштук, тиричилик маселелер да курчутуп жиберет.

Ошондуктан, жергиликтүү бийлик эл менен тыгыз байланышта иштеп жатат.

Өкмөттүн атайын вице премьер-министри бар, ушул чек ара маселеси боюнча иштейт. Акрам Камбаралиевич Кадамжайда аким, Баткенде губернатор болду, бул көйгөйдү жакшы билет.

Чыңалууну азайтуу максатында чек арага чектеш айылдарда, райондордо социалдык-экономикалык долбоорлорго да өзгөчө көңүл бурулууда. Баткен менин өзгөчө көңүлүмдүн борборунда.

Жолдорду оңдоо, мектеп, ФАП, оорукана, бала бакча ж. б. социалдык объектилерди курууга көп көңүл бурабыз.

Азыркыдай бюджеттин тартышыгында, оор шартта, кырдаалда дагы аны биз токтотпойбуз.

Ал эми чек ара маселесин, жогоруда айткандай, бир тараптуу чече албайбыз.

Бул өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан берки чечилбей келаткан оор маселе.

Сабырдуулук менен, сүйлөшүү жолу менен улантабыз. Буйруса, бул иштин өтөөсүнө чыгабыз.

— Сооронбай Шарипович, убактынызды бөлүп, мамлекетибиздеги орчундуу маселелер боюнча суроолорго жооп бергендигиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сизге чон рахмат!

- Рахмат сиздерге дагы. Ийгиликтерди каалайм.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости