www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети калктын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо, өлкөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаалды алдын алуу иретинде дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылууда олуттуу тартыштыкты болтурбоо максатында дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айга убактылуу тыюу салды.
Кабыл алынган чечимге ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы керек.
Ошондой эле Тышкы иштер министрлигине Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Аткаруу комитетине убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарлоосу тапшырылды.
Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон жана токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg