www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык Transparency International уюму 2021-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли боюнча изилдөөсүн жарыялады. Мурдагы жылы 124-орунду ээлеген Кыргызстан өткөн жылы 144-орунга түшүп калды.

Тизмедеги өлкөлөрдүн 86% иш жүзүндө акыркы 10 жылда эч кандай жылыш жасабаганы да маалымдалды.

Кеп болуп жаткан уюм коррупциянын деңгээлине баа берүү үчүн нөлдөн 100гө чейинки шкаланы пайдаланат.

Нөл баллга ээ болгон мамлекеттерде коррупция өтө курч, 100 баллга ээ болгон мамлекеттерде коррупция таптакыр жок дегенди түшүндүрөт. Ал эми орундар ушунун тескересине шайкеш келет. Баллы канчалык жогору болгон мамлекеттер алдыңкы орундарга жайгашат.

2021-жылдын жыйынтыгында Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия 88 баллга ээ болуп, 1-орунду ээлешкен. Бул өлкөлөр мурдатан бери эле алдыңкы орундарда болчу жана бул жогоруда белгиленгендей аларда демократия өнүккөнү менен байланыштырылат.

Норвегия (85 балл), Сингапур (85 балл), Швеция (85 балл), Швейцария (84 балл), Нидерландия (82 балл), Люксембург (81 балл), Германия (81 балл) сыяктуу мамлекеттер адаттагыдай эле коррупция аз деп саналган алдыңкы ондуктун катарын толуктады.

Башка өлкөлөрдөн Бириккен Араб Эмираттары 24-орунда (69 балл), АКШ 27-орунда (67 балл) жана Израил 36-орунда (59 балл) чыкты.

Тизменин артында – 177-орунга Венесуэла (14 балл), 178-179-орундарга Сомали (13 балл) менен Сирия (13 балл) жана 180-орунга Түштүк Судан (11 балл) жайгашты.

Борбор Азия мамлекеттеринин жагдайы кайрылсак. Казакстан 102-орунда (37 балл), Өзбекстан 140-орунда (28 балл), Кыргызстан 144-орунда (69 балл), Тажикстан 150-орунда (25 балл), Түркмөнстан 169-орунда (69 балл).

"Эгер Борбор Азиянын өзүн алсак, узаган жылдын жыйынтыгында жагдай артка кетип жатканын аныктадык. Жылыш жок, тескересинче жагдай начарлап баратат. Жалпы чөлкөм болгону 27 баллга гана ээ болду. 100 баллдан ушуга эле ээлик кылуу бул абдан төмөнкү көрсөткүч. Чыгыш Европа жана Борбор Азия мамлекеттери Африкадагы көп жылдан бери аскердик кагылыштардан, согуштардан баш көтөрө албай келаткан өлкөлөрдөн гана аз-маз алдыга чыгып жатат. Башкача айтканда, эң акыркылардын гана алдында турат”, - деди ал.

Мурдагы жылы Казакстан 94-орунда болсо, былтыр 102-орунга ылдыйлады. Ал эми Тажикстан 149-дан 150-орунга түшкөн. Түркмөнстан бир жыл ичинде ошол эле 169-орунда калса, Өзбекстан тескерисинче 146-тепкичтен 140-тепкичке чыгып жатат.

Кыргызстандын көрсөткүчүн өзүнчө алалы жана анын себептерин талдап көрөлү.

Transparency International уюмунун индексинде он жыл мурун – 2011-жылы Кыргызстандын тиешелүү баллы 24 болчу. Муну менен өлкө 169 орунда турчу.

2014-жылы индикатор 27 баллга чейин жетип, 2019-2020-жылдары 30-31 балл менен жыйынтыктаган. Ошондо өлкө аталган индексте 124-орунга чейин көтөрүлгөн.

Жогоруда көрүп турганыбыздай, 2021-жылы балл кайрадан 27ни түзүп, Кыргызстан 144-орунга түшүп калды. Башкача айтканда, бир жылда 20 сап ылдыйлап, Африканын Камерун жана Уганда мамлекеттеринин көрсөткүчтөрү менен теңелди.

Transparency International уюмунун өкүлү Алтынай Мырзабекова мунун себептерин мындайча түшүндүрдү:

“Ооба, Кыргызстан бир жылдын ичинде төрт баллын жоготуп, жатат. Балл 31ден 27ге түшкөнүн көрүп жатабыз. Бул эмне менен байланыштуу? Биз өткөн жылы иликтөөчу журналисттерге, антикоррупциялык активисттерге чабуул болгонун көрдүк. Укук коргоо органдары коррупцияга каршы иликтөөлөрдү баштады, бирок алар аягына чыккан жок. COVID-19 вирусу менен күрөшүү үчүн эл аралык уюмдардан келген финансылык жардамдарды кантип иштеткенин ачык айткан жок. Жарандык активисттер, катардагы жарандар да ал тууралуу маалымат ала алышкан жок. Жалпы жонунан коррупциянын эң негизги себептери болгон ачык-айкындуулуктун жоктугу ошол боюнча кала берди. Отчеттуулук, чынчылдык механизми, кирешелерди декларациялоо жана кызыкчылыктар кагылышы боюнча талаптар оңолбогон бойдон калды. Сотко ишенимдин жоктугу, укук коргоо органдарынын калыс эместиги мына ушул нерселер да бар. Мунун баары Кыргызстанга эле эмес, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге да мүнөздүү көрүнүш”.

Transparency International уюмунун 2021-жылкы коррупцияны кабыл алуу индекси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости