www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан "сыйкырдуу" тумар табылды

Новосибирскиден келген археологдор Борбор Азиядагы Америка университетинин изилдөөчүлөрү менен чогуу Кыргызстандын Алай өрөөнүнөн палеолит доорунун акыркы учуруна таандык болгон артефактарды табышты. Бул тууралуу Россиянын илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн археология жана этнография институтунун билдирүүсүндө айтылат. 

Табылгалардын арасынан эт туураган бычак жана таштан жасалган азем буюмдар бар. Изилдөөчүлөр жашы 23 миң жылдай болгон homo sapiens адамынын сүт тиштерин дагы табышкан. Бул убакыт муз доорунун акыркы учурларына дал келет.

Ошондой эле окумуштуулар серпентин ташынан жасалган азем буюмдарды табышкан. Россиялык археологдор бул буюмдар Тянь-Шань менен Памирден калдыктары табылган байыркы доордо жашагандар тарабынан жасалганын аныкташкан.

Бардык артефактар Памир — Алай (Кыргызстан) тоо этектериндеги Обишир археологиялык эстеликтер аймагынан табылган.

Булак: "sputnik.kg"



 

Последние новости