www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанды миграция таанытат

Кыргызстан – ЕАЭБдин ичинде эмгек миграциясынын өсүүсү токтобой уланып жаткан жалгыз өлкө. Мындай көрсөткүч Экономикалык саясат институтунун иликтөөсүндө аныкталган. Эксперттердин ырасташынча, Орусияга агылган мигранттарынын саны боюнча Кыргызстан Өзбекстан, Белоруссия, Украина жана Молдовадан кийинки 4-орунда, ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн сап башында турат.

Ал эми ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Марат Сапаевдин малыматында, кылмыш кылган балдардын 80% мигранттардын балдары. Анын айтымында, 2018-жылдын алты айында 600 ашуун кылмыш иши катталса, анын 400 ашууну ата-энеси иш издеп миграцияга чыгып кеткен үй-бүлөнүн балдары.

ЮНИСЕФтин эсеби боюнча кыргызстандык  259 миң баланын ата-энеси чет элге жумуш издеп кеткен.

Мындай жан сыздаткан көрүнүш үчүн суроону жогорку бийликтегилерге, өзгөчө атамбаевдик бийликке берген туура. 2010-жылдагы төңкөрүш менен бийликке келген Алмазбек Атамбаев тыштан, айрыкча Кытайдан милларддаган долларлык насыяларды тартып келген. Бирок, келген насыялардын басымдуу бөлүгү корруцпиялык схемалар менен кайра эле огорку эшелондогу чиновниктердин чөнтөгүнө сиңип кеткени маалым болууда. Аларга карата учурда кылмыш иштери козголуп, ондогон белгилүү чиновниктер камакка алынууда. Экономикалык өнүгүү, өндүрүштүн жанданышы боюнча көрсөткүчтөр көңүл жылытпай келет. Бюджеттин тартыштыгы көбөйгөндөн көбөйүүдө. Мындай жагдай, албетте, карапайым калктын жумуш издеп чет элге агылуусуна, миграциянын өсүшүнө шарт түзбөй койбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости