www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектик 7 жаштагы Рустам Ташматов Владимир Путинге кат жазып, анда жаңы жылдык белек сураган. Бул тууралуу “Россотрудничестванын” Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Окуучу өзүнүн катында “Газпромдун” же “Роснефттин” акционери болууга каршы эместигин, ошондой эле Туланын пряниктерин жеп көрө электигин жазган. 

“Рустам жашоого дымактуу көз караш менен карайт экен бул абдан сонун. Ал чоңойгондо мунай жана газ компанияларын багындырам деген оюнан кайтпайт деп жана мектепти аяктагандан кийин жогорку билим алуу үчүн ылайыктуу университетти тандайт деген үмүттөбүз. Азырынча, Рустамга Кремлден белек жөнөтүлүптүр. Ал Жаңы жылдын алдында Бишкектеги Россиянын илим жана маданият борборунда тапшырылат” – деп белгиледи өкүлчүлүктөн.

Маалым болгондой, Рустам Бишкек шаарындагы №29 гимназиянын 2-классында окуйт. Ал “Жакшы Адамдар” мектеп кыймылынын активисти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости