www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн аптада Япониянын жээгинде токтоп турган Diamond Princess саякат кемесинде кыргызстандык жаран коронавируска чалдыккандыгы тууралуу маалымат тараган. Бирок, медиктер кыргыз жаранынан кайра анализ алып, анын жыйынтыгында кыргызстандыктан илдеттин белгилери чыккан жок. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматы маалымдады.

Учурда кыргыз жараны ооруканадан чыгып, Токиого бет алган. Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдан жарандарды такталбаган маалыматты таркатпоо сунушталды. Белгилей кетсек, 28-февраль күнү Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Япониянын жээгинде карантинде токтоп турган Diamond Princess саякат кемесинде кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алгандыгын маалымдаган.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости