www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым депутаттар күн сайын Кыргызстанга кайтып келе албаган мигранттарга учактарды убада кылып, аларды ачкачылык акциясын баштоого үндөп жатышат. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасында “Азамат Советник” деген ысым менен катталган Россиядагы кыргызстандык жаран айтып чыкты.

Ал кыргыздардын арасында дүрбөлөң салып, баш-аламандыкка баштаган депутаттардын манкуртчулукту токтотууга чакырды.

“Ашкере акылдуу депутаттарга” кайрылып кетет элек. “Ачкачылык жарыяласаңар мекенге алып кетет” деп айткан “манкуртизмди” токтотушса жакшы болмок. Депутаттар мигранттарга учак жөнөтөбүз деп убада беришет. Адегенде силер учакка уруксат алып, расмий түрдө жол-жоболоштуруп, андан кийин бир нерсе айткыла” – деп жаран нааразы болду.

“Россияда өз мекенине кайтып келүүнү каалаган 200 миңге жакын кыргызстандык бар экендигин белгилей кетким келет. Эгерде кээ бирлери ачкачылык жарыяласа, калгандары алардын артынан түшүшөт. Эгерде 200 миң кыргызстандыкты алып кетүүгө даяр болсо, анда бул башка маселе. Адегенде ойлонуп, бир нерсе жасап, анан кеңеш беришибиз керек. Мен деле ачкачылык жарыялагыла деп айта алам. Адегенде кырдаалды талдап, анализ жасап, андан кийин бир нерсе айткыла. Тескерисинче, элди ишендирүүнүн ордуна, дүрбөлөңгө салып жатасыңар. Мигранттар, эгер депутаттар бир нерсе айтса, анда учактар ​​учат деп ойлошот. Андай эмес, урматтуу достор, алар эч нерсе кыла алышпайт” – деп билдирди мекендешибиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости