www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз өлкөсүнүн жарандары эми түз жана чартердик каттамдар менен өздүгүн тастыктаган документтерсиз башка мамлекеттерге уча алышат. "Манас" эл аралык аэропорту ЕАЭСтин "COVID-19суз саякаттайм" долбооруна кошулгандыгын кабарлайт.
Буга чейин пандемияга байланыштуу Орусия жана башка Евразия экономикалык союзуна мүчө өлкөлөргө кирүү боюнча коюлган талаптар жоюлуп, атайын тиркемени жүктөө аркылуу жеңилдиктер киргизилди. Евразия өнүгүү банкы тарабынан даярдалган "COVID-19суз саякаттайм" тиркемеси программага кирген ПЦР-тестин тапшыруу лабороторияларын аныктоого жана тесттин жыйынтыгын QR-код түрүндө уюлдук телефонуңузга дароо кабыл алууга өбөлгө түзөт. Анализде ковиддин жоктугу аныкталса анда бул тиркемени колдонгон өлкөлөр Орусия, Беларусь жана Арменияга тоскоолдуксуз кирип, тескөөчү жайларга жөн гана тиркемедеги кодду көрсөтүү жетиштүү болот.
- "COVID-19суз саякаттайм" тиркемесин колдонуу ыкмасы:
- Алгач уюлдук телефонуңузга AppStore же GooglePlay ден "COVID-19суз саякаттайм" тиркемесин жүктөйсүз;
- Өлкөнү тандайсыз;
- Программага кирген лабораториялардын бирине жазылып (азырынча Бишкек жана Ошто 2 лаборатория катталган) ага паспортуңуз менен барасыз;
- Лаборатория сунуш кылган макулдашууга кол коюп, андагы QR-кодду уюлдук тиркеме аркылу сканирлейсиз, тест тапшырасыз;
- Тесттин жыйынтыгын лаборатория системага киргизээр замат ал сиздин тиркемеңизде дароо пайда болот;
- Тесттен ковид чыкса QR-код кызыл түскө, ал эми жыйынтыгы таза чыкса-жашыл түскө боёлот. Учуу алдында уюлдук тиркемеңиздеги тесттин жыйынтыгын тактап, мөөнөтүн аныктайсыз (ПЦР-тест жасалгандан кийин 72 саатка чейин жарактуу);
- ЕАЭС өлкөлөрү менен чек ара же башка талап кылган жайларга тиркемедеги QR-кодду көрсөтөсүз.
Урматтуу жүргүнчүлөр! "Манас" аэропорту авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатууга да тиешеси жок!
Булак: NazarNews.kg