www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт отставкага кетеби? Депутат аларды кетирүү сунушун айтты

Депутат Тазабек Икрамов өкмөттү отставкага кетирүү сунушун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Эртеден бери ички иштер министри Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча жооп берсин деп айтып жатабыз. Бирок азыркыга чейин каралбай кармалып жатат. Мен башынан өкмөттү сындап келем. Күйүүчү майлар, азык-түлүктөр кымбаттады. Мына күнүнө 3-4 адамдарыбыз коронавирустан өлүп жатат. Күндүзү үйлөрдү тоноп жатат. Депутаттарды өкмөттүн отставкага кетүүсүн колдоого чакырам. Жөн эле сүйлөбөй, парламент өзүбүздүн күчүбүздү көрсөтпөйлүбү. Эл бизден ошону талап кылып жатат", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости