www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын, Кѳлдʏн жергиликтʏʏ калктары кийикке виза алышып, вердолет менен кыргандардан тажап бʏтʏштʏ. Учурда Нарын облусу 24, Ысык-Көл облусу 18 аңчылык жайларына бөлүнгѳн. Борбордон бир-эки мергенчи кийик атууга кумарпоз «сѳрѳй» чет элдиктер менен Кыргызстандагы 74 аңчылык чарбаларынын дээрлик 50сүн эки облустун кайберенин тытмалап жатышыптыр. Мынчалык сандагы “кулжа-аркар” куруткучтар кайдан чыга калды жана жер-жерлерге канчалык деңгээлде пайдасы тийип жатат? Аңчылык чарбаларда Бишкектик бирин - экин аӊчы «аткычтыгына» таянышып, аркар-кулжа, эчки-текелерди чет элдиктерге мыйзамдуу аттырып, капчыктарын кампайтып жатышат. Эми кур дегенде ошол капчыгыңардан бөлүшкүлө, ал үчүн жергиликтүү бийлик менен кеңешип иш алып баргыла десе, булар кʏбѳлʏктѳрʏн кѳтѳрѳ чабышып, бийлик биздин тʏбʏбʏзгѳ жетмей болду деп кан какшашат.
Кыргызстанда азыр 20 миңдей аркар-кулжа, 50 миңдей эчки-теке калганы айтылат. Бул сан бир топтон бери айтылып келатат. Мамлекет былтыртан баштап жаратылышка мыйзамсыз зыян келтиргендерге катуу чараларды көрө баштады. Азыр аркар-кулжа атсаң 400 миң сом айып пул тартасың. Ал эми илбирске мылтык кезесең, бүттүң дей бер, жарым миллион сом төлөйсүң. Ошол эле учурда бизде бир кулжага берилчү лицензиянын наркы 5 миң доллар турса, коңшу Тажикстанда 9 миң доллар турат. Тажикстандын тоо шарты, аңчылык потенциалы биздей эле. Бирок аларда болгону 4 гана аттуу-баштуу аңчылык чарбалары иштейт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg