www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англис тилин билүү деңгээлин аныктаган эл аралык рейтингде Кыргызстан 96-орунду алды.

"EF English Proficiency Index-2020" деп аталган рейтингди чыгаруу үчүн 100 мамлекет изилденип, 18 жаштан ашкан 2,2 киши тест тапшырган. Калктын англис тилин билүү даражасы беш багытта аныкталган - "эң жогорку", "жогорку", "орто", "төмөн", "өтө төмөн".

Кыргызстан англис тилин "өтө төмөн" өздөштүргөн мамлекеттердин катарында.

Эли англис тилин эң мыкты билген өлкөлөрдүн башкы беш сабында Нидерланд, Дания, Финляндия, Швеция, Норвегия турат. Акыркы беш сапта Кыргызстан, Сауд Арабия, Оман, Ирак жана Тажикстан.

Өзбекстандыктардын, казакстандыктардын, ооганстандыктардын тил билүү деңгээли кыргызстандыктарга караганда дурус экени көрсөтүлгөн.

"Education First" уюму өткөргөн изилдөөнүн тыянагында дүйнөдө көп мамлекеттерде англис тилин билүүнүн орточо көрсөткүчү өсүп баратканы белгиленген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости