www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын 13 жараны коронавирус тараган өлкөлөрдөн келе жатканын жашырууга аракет жасаган. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкектеги маалымат жыйында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Жалбиев билдирди.

Анын билдиргенине таянсак, коронавирус илдети тараган өлкөлөрдөн (Япония, Италия, Иран, Кытай жана Түштүк Корея) келе жаткан Кыргызстандык 13 жаран, чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатканда жалпы жарандык паспортун эмес,  ID-картасын көрсөтүп, карантин жана текшерүүдөн качууга аракет жасашкан. Кийин алардын кайсыл өлкөдөн келгендиги аныкталып, карантинге жаткырылган.

Мындан улам, азыр Кыргызстанга кирип жаткан жарандардан ID-карта эмес, жалпы жарандык паспорт талап кылынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости