Кыргызстандын чиновниктери “уктап” иштешет: Бороновдун сөзүн кулак сыртынан кетирген жетекчилер куш уйкуга киришти
Саясат  |   |  1448

Кечээ, 14-февралда Бишкек мэриясы атайын жыйын өткөрүп, 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарган. Мына ушул жыйында вице-премьер министр Кубатбек Боронов сөз сүйлөп, алдыда өтө турчу шайлоо, борбор калаанын экономикасы жана башка маселелер жөнүндө сөз кылып жаткан. Бирок айрым жетекчилер катарынан отуруп алышып, Бороновдун сөзүн кулак сыртынан кетирип, куш уйкуга киришкен. Ал эми жергиликтүү маалымат каражаттары уктап отурган жетекчилерди сүрөткө тартып алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями