www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү Санжар Үмөталиев өз арызынын негизинде кызматын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Үмөталиев ЕАЭБдин Бажы кодексин ратификациялоодо кетирген катасы үчүн кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазган. Санжар Үмөталиев бир эле учурда өкмөт аппаратынын башчысынын орун басары болуп иштечү. Өкмөттүн маалымат кызматы кошумчалагандай, Үмөталиев менен кошо аппараттын 3-4 кызматкери да иштен алынды.

30-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине президенттин каршы пикири жөнүндө мыйзам долбоорун кайра карашкан. Парламент ЕАЭБдин Бажы кодексин 27-декабрда ратификациялаган. Анда "кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет" деп ката көрсөтүлгөн. Бирок Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси 1-январдан тартып күчүнө кириши керек. Дал ушул катаны оңдош үчүн парламент кезексиз жыйынга чогулганы эл өкүлдөрүнүн ачуусун келтирген. Айрым депутаттар өкмөткө жооптуу аткаминерлерге чара көрүүнү талап кылышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости