www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын «Жол коопсуздугу» боюнча мыйзамынын өзгөртүлүшү чет элдик айдоочуларды тынчсызданууга салды. 2017-жылдын июнь айында күчүнө кире турган мыйзам боюнча Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги айдоочулук күбөлүктөрү менен Орусиянын аймагында жүк же адам ташып иштегенге тыюу салынат. Ошентип Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Орусияда таанылбайт.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев өлкө түштүгүн кыдырып жүрүп, ушул маселеге токтолду. «Бул Өкмөттүн түздөн-түз иши. Менин оюмча, бул багытта жумуш жүрүп жатат. Анткени, паспортко каттоого туруу, «кара тизме», медицинага болгон укук, балдарды мектепке орноштуруу, жумушка кирүү маселелери чечилип аткандан кийин, бул деле чечиле турган маселе», – деди Оторбаев.

Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдиргендей, КРнын Эл аралык деңгээлдеги айдоочулук күбөлүгү менен Орусияда жеңил унаалар менен мурдагыдай эле жүрө беришет. Болгону оор жүк ташуучу унаа же коомдук транспорт айдагандар РФтин айдоочулук күбөлүгүн алышы керек болот.

Вена конвенциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2011-жылдын март айынан тарта улуттук күбөлүктөр эл аралык документсиз мамлекеттин аймагынан чыккандан кийин өзүнүн юридикалык күчүн жоготот. Ошого байланыштуу Кыргызстандагы «Айдоочулардын эл аралык ассоциациясы» эл аралык айдоочулук күбөлүк бере баштаган.

Эл аралык айдоочулук күбөлүк «Жол кыймылы тууралуу» эл аралык конвенциянын шарттарына ыйлайыкташып түзүлгөн документ. Ал улуттук күбөлүккө тиркеме катары берилет. Документ Кыргызстандан тыш унаа айдоого уруксат берип, мөөнөтү улуттук күбөлүк менен бирдей болот.

Муну менен бирге эл аралык күбөлүк айдоочулук чеберчиликти тастыктоочу экзамендерден бошотот. Ал БУУнун 193 мамлекетинде ратификацияланган.

Булак: Багыт.kg

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости