www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-ноябрда Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул матч  2022-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алдындагы даярдык. 

Белгилей кетсек, курама командабыз 14-ноябрда Япония менен, ал эми 19-ноябрда Тажикстан менен кезигет. Эки матч тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө болот. 

Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары тапкан каражатка караганда Өзбекстандын курама командасы 11 эсе көп табат. Бул маалыматты Transfermarkt.de немис порталы билдирди. 

Анын маалыматында, Кыргызстан курама командасынын оюнчулары жалпысынан 2 миллион 525 миң евро алат. Белгилей кетсек, оюнчулардын баары бааланган эмес, 12си эле бааланган. Барынан кымбаты капитан Валерий Кичин – ал жылына 1,5 миллион евро алат. Бирок, Ташкентке кеткен оюнчулардын тапканы 975 миң евро. Себеби, ал оюнга Кичин менен 50 миң евро алган Алимардон Шукуров барган жок. 

Өзбекстандын курама командасында 32 оюнчу - алардын тапканы 28 миллион 50 миң евро. Алдыда боло турган оюнга 31 оюнчу жана дагы бир бааланбаган футболчу катышат. Футболчулардын жалпы баасы 28 миллион 350 миң евро. Өзбекстандын эң кымбат оюнчусу болуп капитан Одил Ахмед саналат. Ал 4,5 миллион евро табат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости