www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул адамдар дүйнөнүн жаңы тарыхын жазып жатат. Алар жаш кезинде кандай болчу, чогуу көрөлү.

1. АКШнын 45-президенти Дональд Трамп жаш кезинде кино мектебине тапшырууну кыялданчу, бирок бизнеске болгон кызыгуусу артып Пенсильвания университетине бизнес жагына тапшырган. 

2.    Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бала кезинен эле улуу лидердин ролуна даяр болчу. Кичинекей диктатор учак менен кайыкты аябай жакшы көрчү. 

3.    Москванын мэри Сергей Собянин тырышчаак, өжөр бала болчу. Ошондой эле мектепте да жакшы окуучу. А институтту болсо кызыл диплом менен бүтүргөн.

4.    Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев мектепте окуп жүргөн  кезинде спортко кызыкчу жана китеп окуганды жакшы көрчү. Андан сырткары, класстын лидери болгон. 

5.    Грузиянын үчүнчү президенти Михаил Саакашвили мектепти алтын медаль менен аяктаган. Спорт жаатында баскетбол ойноп, сууда сүзчү. Ошондой эле, музыка менен чет тилдерди жакшы көрчү. 

6.    Орусиянын президенти Владимир Путин бала кезинен бери эле чыгыш уруш өнөрүнө кызыккан жана бул мектептеги окуусуна тоскоол болгон эмес.

7.    Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II үйдөн билим алган. Француз тилин ал өзү үйрөнгөн. Согуш жылдары “Тез жардам” унаасын айдап, лейтенант наамына чейин жеткен.

8.    Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский  бала кезинде оор атлетикага, бал бийине жана пианиного кызыккан.

9.    АКШнын 44-президенти Барак Обама мектеп курагында баскетболго кызыкчу. Кийин жаман компанияга туш келип, ичкиликке берилип кеткен. Бирок, кайра ичкиликти таштай алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости