www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Корея Япон деңизинде 16 кишини өлтүрдү деп шектелген эки балыкчыны Түндүк Кореяга өткөрүп берди.  Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 20 жаштардагы эки кылмышкер кечээ өз өлкөсүнө депортация кылынды.

Түштүк Корея кылмышкер качкындарды биринчи жолу экинчи өлкөгө өткөрүп берди. Кореяны кайра бириктирүү боюнча министрлик аларды эл аралык мыйзамдын негизинде жооп бериши керек экендигин жана бул чечим өзгөчө болгондугун билдирди. Муну менен катар  кылмышкерлер качкын деп эсептелбешин, алар Түштүк Кореянын элине коркунуч келтирээрин баса белгиледи.

Эске салсак, бул экөө жана дагы бир балыкчы Түндүк Кореянын кемесинин капитанын жана экипаж мүчөлөрүн октябрдын аягында өлтүргөн деп  шектелип кармалган.

Кармалган кылмышкерлер кылмышын мойнуна алышкан, ал эми үчүнчү кылмышкер Түндүк Кореядан кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости