www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык мэриясында “чудиктер” иштейт. Же ошондой ой калтырат.

Баарыбыз билгендей, калаанын түштүк аймагы тимеле көрктөндүрүлүп, жолдору мемиреп жаңы курулуп жатат. Кыскача айтканда, өнүккөн аймактардын сап башына кирди. Эмнеге? Себеби ал жак шаардын, мамлекеттин жетекчилери байырлаган жерге айланган. Хан сарайлар жыл эмес, күн санап жамгырдан кийинки козу карындай пайда болууда.

Мейли эми анысы, жашап алышсын ыңгайлуулукта. Эми “чудиктерге” токтололу. Кытай грантына былтыр, быйыл далай шаар ичиндеги жолдор оңдолду. Андай жолдордун бири дал ушул аймакта. Жолдун сапаты мыктыбы же жокпу ким билсин, жолдун жээгиндеги жөө баскан адамдар үчүн салынган тротуарга суроолор бар. Тротуар келатып эле, кайдан жайдан ким билсин Россия Федерациясынын элчисинин резиденциясына такалып, ошол бойдон кыркылып калат экен. Бул жолго түшкөндөрдүн баары резиденцияга бара берсе болобу? Андан ары жүргүнчү жолун кайда улайт? Мэрия, Бишкекбашкыархитектура буга кандай жооп берет?  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости