www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын калкынын сегиз процентин улгайган адамдар түзөт. Бул тууралуу 1-октябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата жарыялаган маалыматы боюнча, өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу жаштагылардын жалпы саны 513 миң адам. Бул сан үч жыл мурдагыга салыштырганда 66 миңге көп.

Кыргызстанда аялдар пенсияга 58 жашка, ал эми эркектер 63 жашка жеткенде чыга алат.

Белгилей кетсек, жыл сайын 1-октябрда дүйнөдө Улгайгандар күнү белгиленет. Карылардын жашоосуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында бул күндү жыл сайын белгилеп туруу жөнүндөгү чечим 1990-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган.

Ошондой эле жыл сайын Улгайгандар күнүнө карата түрдүү кайрымдуулук акциялары уюштурулуп турат. Быйыл пандемияга байланыштуу андай иш-чаралар көп өткөн жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости