www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабировдун уулу Аброр 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматтар боюнча, 12-сентябрда райондук соттун чечими менен Аброр Сабиров СИЗО-1 абагына эки айлык мөөнөткө киргизилген. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси боюнча айып тагылды.

Белгилей кетсек, 7-сентябрь күнү саат таңкы 04:00 чамасында Аброр Сабиров жана анын шериги Ысык-Ата районунда жайгашкан унаа токтотуучу жайдын кароолчусун сабап, аны байлап, “Хонда Элизион” жана “Тойота Альфард” үлгүсүндөгү эки унааны уурдап кеткен деп шектелүүдө. Аталган автоунаалар Бишкектеги жаңы конуштардын биринен табылган.

Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров уулу катышкан окуя тууралуу журналисттерге комментарий берип, жабырлануучунун шектүүгө эч кандай дооматы жок экендигин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости