www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште “Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндөгү макулдашууда ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартибин, ошондой эле төгүмдөрдүн өлчөмүн  аныктайт, ал ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечимине ылайык, үлүштүк катышуу принциптеринин негизинде Уюмдун бюджетине мүчө-мамлекеттер жыл сайын киргизет.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, бул макулдашуу күчүнө киргенден тарта 2003-жылдын 29-майындагы ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндөгү макулдашуусу күчүн жоготот.

Андан тышкары, тиркемеде ШКУга мүчө мамлекеттердин үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмү белгиленип, ага ылайык ШКУ бюджетине Кыргызстандын үлүштүк төгүмүнүн өлчөмү 8,8 пайызды түзө турганы белгилүү болду.

Жыйын жүрүшүндө депутаттар Кыргызстандын ШКУ бюджетине төгө турган үлүшүнө кызыгышты. Каржы министри Адылбек Касымалиев айтымында, 8,8 пайызды акчага которгондо, ал болжол менен 696 миӊ 830 доллар болот. Буга чейин Кыргызстан бюджеттин 10 пайызын төлөп келген. Өкмөт өкүлү анда 6 квота белгиленгенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости