www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таксим аянтында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу Түркиянын haberler.com сайты жазган.

Кыска убакытта жайылган өрт кечки саат 22.30да Ламартин көчөсүндөгү КРнын Стамбулдагы Башкы Консулдугу жайгашкан имараттын 1-кабатында белгисиз себептерден улам чыгып, дароо үстүңкү кабатка тарай баштаган. Окуя катталган жерге полиция, өрт өчүрүү кызматы жана медициналык топтор жөнөтүлдү.

Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан токтотулган өрттүн жыйынтыгында өлүм жана жаракат алгандардын катталбагандыгы билинди. Аймактык полиция кызматы болуп өткөн кырсыкка байланыштуу тергөө иштерин баштатты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости