www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин чакыруусу менен 4-февралда Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын жаңы төрагасы Михаил Мясникович расмий сапар менен Бишкекке келет. Бул анын чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуулар пландалган.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБ рыногунда орун алган тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү четтетүү, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарындаЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин макулдашылган саясатын жана шайкеш мыйзамын жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди талкуулоо пландалууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости