www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

​​​​​​​Кыргызстанга Ислам Академиясынын кереги барбы?

«Ислам академиясы, ишенимге жана ыйманга байланыштуу маселелерде Имам Азам Абу Ханифанын мазхабын, матуридия акыйдасын гана таркатууга милдеттендирилиши керек», - деди бүгүн, 8-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экстремизм жана терроризм маселелери боюнча адис Орозбек Молдалиев.

- Орозбек агай, Токмокто ачылат деген Ислам Академиясы Кыргызстанга керекпи?

- Бул сурооңузга президент Сооронбай Жээнбековдун убагында эле жооп берилип калган. Спонсорлору аныкталып, проектти даярдалып, курулушуна Токмок шаарынын жанында жер бөлүнүп берилмей болгон. Академияны Бишкектеги муфтияттын Ислам институтунун базасында эле ачып, мугалимдерин конкурстук негизде алып баштап, ошого катар курулуш иштерин жүргүзүү сунуштары бийлик тарабынан четке кагылган. «Токмокто Ислам Академиясына сабак бере турган кадрлар жокко эсе; Бишкекте жашаган мударистер күнүгө барып-келип иштегенге макул болушабы», - деген суроолор  азыр да жоопсуз. Ошондуктан болочок окутуучуларга Токмокто турак-жай куруу маселеси келип чыгат.

- Ислам Академиясы экстремизмге каршы турууга,  тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, этникалык жана диний араздашууга жол бербөөгө салым кошуп, руханий агартуучулук миссияны аркалай алабы?

- Биздин Борбордук Азия мусулмандары ханафи масхабынын матуридий акыйда – ишениминдеги суннийлер. Ханафи мазхабынын уламалары Борбордук Азиядан жана ага туташ Ортоңку Чыгыш аймактарынан болгондуктан биздин элдердин салтына, маданиятына, менталитетине туура келген диний диний-укуктук мектеп пайда болгон.

Аббасийлер бийлиги, андан кийин Ислам дүйнөсүн дээрлик башкарып турган Осмон империясы ханафи мазхабында болушуп, мамлекеттик башкаруудагы бардык ыкмалар аталган диний-укуктук ишенимге жуурулушкан. Ошондуктан жергиликтүү үрп-адаттарды ислам динине тууралаган, мамлекеттеги ар кандай элдердин башын кошкон, толеранттуу мазхаб пайда болгон.

Биздин аймакта, өзү консервативдүү болгондугу үчүн саясий маселерге анчалык көңүл бурбаган салттуу ислам, сунни агымындагы ханафи мазхабы кеңири жайылган. Ал башка мазхабдардан өзүнүн сабырдуулугу менен айырмаланып, улуттук каада-салттар менен ислам баалуулуктарын карама-каршы койбойт. Мамлекет менен өнөктөш мамилелерди өнүктүрүү боюнча анын идеологиялык негиздери бар. Мисалы, мамлекет башчысын ханафи мазхабындагылар “чоң имам” деп жарыялап, ага баш ийишет.

Ханафи мазхабы исламга каршы келбеген жергиликтүү салттарды чанбаганы, башка диндегилердин пикирин сыйлаганы, консервативдүүлүгү жана либералдуулугу менен да айырмаланат. Ханафи мазхабы экстремизмге, терроризмге жол бербейт. Өзү толеранттуу. Маселе сиз кооптонуп жаткандай, Ислам Академиясы ушул тарыхый миссияны улантып кете алабы – ошондо турат. Муну туура жолго салуу биздин КМДБсынын колунан келет деп ишене туралы.

- Ислам академиясы элди диний караңгычылыктан сактайбы?

- Ушул сурооңуз 2014-ж. 3-февралда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши өлкөдөгү диний кырдаалды талкууланган кезде ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев муфтиятты ханафи мазхабынын борбору боло албай жатканын айтып, сындаганын эске салды.

Ал: «Муфтиятыбыз акыркы жылдары каржылык чыр-чатактардан арылбас болду. Ыйык ислам динибиздин, бабаларыбыздан калган ханафи мазхабынын руханий жана билим борбору болуунун ордуна жалаң гана коммерциялык иштер менен алектенген борборго айланып бараткандай сезилет. Мени муфтиятта иштегендер кечирип койсун, бирок ушундай көрүнүш бар», - дегенин сиз деле уккансыз.

Дин маселелери боюнча айрым эксперттердин пикиринде, ханафи мазхабын катардагы мусулмандар түгүл, диний башкармалыктын түзүмдөрүндө иштеген молдо-имамдардын баары эле билет деп так кесе эч ким айта албайт.

Акыркы жыйырма жылда жергиликтүү элге жат, исламды жамынган ар тараптуу түшүнүктөр жайылып, дин кызматкерлери аларды ажыратып түшүндүрүүдө чабалдык кылды дешет.     

- Ислам академиясын жамынып, талибдер, коомго коркунуч жараткан адамдар кирип келбейби?

- Азыр четтен келип иштеген канча деген уюмдар бар жана алар кандай жардам беребиз десе, биздикилер макул. Бирок аркасынан өзүнүн саясатын жана идеологиясын таркатканга жол бербей кое алабы? Бул ойлонто турган маселе. Ислам академиясы, ишенимге жана ыйманга байланыштуу маселелерде Имам Азам Абу Ханифанын мазхабын, матуридия акыйдасын гана таркатууга милдеттендирилиши керек.

Кимсанбай ажы баш болгон аалымдарыбыз да ушундай багытты колдоп келишкен. Ким болсо да, Сауд Арабиядан, Пакистан, Түркия, Египеттен билим алып келген болсун, динди таркатуу жана жайылтуу иши Кыргызстанда Абу Ханифанын мазхабынын негизинде гана болушу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости