www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралууда. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев КТРКны кайрадан мамлекеттик телеканал кылуу демилгеси болуп жатканын укканын кабарлады.

"2010-жылдан баштап өлкө парламенттик башкарууга багыт алган, КТРК дагы коомдук телеканал болгон. Азыр бийлик алмашып Президенттик башкаруу өлкөсүнө айландык. КТРКны кайрадан мамлекеттик телеканал кылып, анын жетекчисин Президент өзү дайындай тургандай демилге болуп жатканын уктум. Ошондой демилге барбы?" - деп сурады депутат.

Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болотканов мындай маалыматы жоктугун айтты.

"Азыр дүйнө жүзүндө журналистикада атаандаштык жаралды. Элде арман болсо эл КТРКга кайрылбайт. Ал тургай депутаттарга да кайрылбайт. КТРК менен депутаттар окшош эле, кайсы бийлик келсе иштеше берет. Ал жактан силерге доомат коё албайбыз. Жарандык журналистика салттуу журналистиканы жеңип бара жатат", - деп белгиледи ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости