www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймагына Тажикстандан этникалык кыргыздар, коңшу өлкөнүн жарандыгы бар КР жарандарынын жашы жете элек балдары, студенттер жана окуу жайларда сабак бергендер келе алат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, ушул жылдын 21-майындагы министрлер кабинетинин буйругу менен (30-сентябрда жана 22-октябрда өзгөртүүлөр киргизилген) Тажикстандан "Кулунду", "Кайрагач", "Кызыл-Бел", "Бордөбө" жана "Карамык" көзөмөл-өткөрүү пунктулары аркылуу адам, товар жана транспортту өткөрүүгө тыюу салынганын эске салды. Бирок төмөнкү учурларда киргизүүгө болот:

  • өлкөсүнө кайтып келе жаткан Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары;
  • эки өлкөнүн каттоодон өткөн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргызстанда жайгашкан эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрү (ТИМге келип-кетүү боюнча алдын ала билдирилиши керек);
  • чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегацияларынын мүчөлөрү (ТИМге келип-кетүү боюнча алдын ала билдирилиши шарт);
  • этникалык кыргыздардын иммиграциясы жана аларга кепилдиктерди берүү боюнча Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийгендер (ЕАЭБ ченемдери боюнча товарлардын жана транспорттордун киришин документ түрүндө ырастоо менен);
  • Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууга тартылган Тажикстандын жарандары, товарлары жана транспорттору (КРдин Энергетика министрлигинин өтүнүчү боюнча);
  • Кыргызстандын билим берүү уюмдарында окуган, окууга тапшырган жана окутуучу/мугалим болуп иштеген Тажикстандын жарандары (өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги сурам жөнөтүшү керек);
  • Тажикстандын жарандыгы бар КР жарандарынын жашы жете элек балдары (тууган экенин ырастаган документ керек).

"Эскерте кетсек, жогорку категорияга кирген жарандар Кыргызстанга кыргыз-тажик чек арасындагы "Кулунду", "Кайрагач", "Кызыл-Бел", "Бордөбө" жана "Карамык" көзөмөл-өткөрүү пунктулары аркылуу гана кире алат", — деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын аймагына үчүнчү өлкө аркылуу кирүүгө болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости