www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровбүгүн, 4-ноябрда «Борбордук Азия – Европа биримдиги» биринчи эл аралык экономикалык форумуна («БА-ЕБ») катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскисти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы ошондой эле, Европа биримдиги Кыргызстан үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш экенин белгиледи. Эгемендүүлүк алгандан тартып ЕБ өлкөнү демократиялык жана рыноктук реформаларда ырааттуу колдоп келет. Буга байланыштуу Садыр Жапаров Кыргызстан Европа биримдиги менен эки тарапка кызыкчылык туудурган мындан аркы бардык багыттар боюнча көп пландуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ачык жана даяр экенине ишендирди.

Өз кезегинде Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда соода, инвестиция, жашыл экономика, санариптештирүү чөйрөлөрүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жогорку мумкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости