www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифингдин жүрүшүндө Кыргызстанга жакында Кытайдын «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасы келе тургандыгын билдирди.

«Вакцина гуманитардык жардам катары акысыз негизде берилет», - деди ал.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости