www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев колуна гитара кармап, анча-мынча ырдап каларын көрүп-билип калбадыкпы. Өзүнүн президенттик доорунун акыркы жылдарында чыгармачылыгы өзгөчө эргүүгө келип, бир нече ырларды жаратып, өзүнүн аткаруусунда коомчулукка таратканга да үлгүрдү. 

“Кыргызстаным, сен үчүн жаным курман” деп ырдап жүрүп эле, миллиондогон долларларды өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланып жиберген экен. Эмнеге эле “жаным курман” деген сөздү көп кайталап калды десе, миллиондорду кыйналбай эле “саап” алып атканы үчүн эрээркеп кетчү тура дешкендер көп. 

Анча-мынча шыбыр кептерге караганда, А. Атамбаев жакында “Жалгыздык” деген жаңы ырынын “бет ачарын” жасаганы турат. Эмнеге дейсизби? Себеби, айрым маалыматтарга караганда анын жанында жалгыз гана Фарид Ниязовдон башка эч ким калган жок. 

Мисалы, экс-депутат, коомдук ишмер Равшан Жээнбеков А. Атамбаевдин жалгыз калаары мурдатан эле белгилүү болчу экенин айтат.  “Атамбаевдин жалгыз калары мурда эле белгилүү болчу. Анткени ал саясий үзөңгүлөштөрүнөн кол үзүп, катчы, айдоочуларына ишеним артты. Техникалык кызматкерлерди жогорку кызматтарга коюп, алар таасирдүү фигура болгондой элес калтырды. Бирок алар эч качан саясий, коомдук күч боло албайт. Атамбаевдин трагедиясы – катчы, айдоочулары менен мамлекетти башкарам деп, саясий өнөктөштөрүнөн жүзүн үйрүгөнүндө”, - дейт ал. 

Туура айтылган пикир. Чындыгында эле экс-президент бийликке келгенинен кийин өзүнүн мурдагы үзөңгүлөштөрүн дүңүнөн сатып кетти. “Элитаны жаңылап атам” деген шылтоо менен карала-торала болуп эле машине айдап жүргөн шоопурун, кофе ташыган катчы кыздарын, жансакчыларын жогорку кызмат орундарына алып келди. Анан алар албетте катуу гүүлдөдү. Алды миллиардер, арты миллионер болду. 

Бирок, баардык нерсенин башталышы менен аягы бар сыяктуу, Атамбаевдин доору да аяктады. Ошондон кийин анын убагында жасалган коррупциялык иштер калкып чыкты. Натыйжада “оң колу” С. Исаков, “кошелогу” К. Кулматов, күйөө баласы А. Калиев, партиялашы О. Артыкбаев жана башкалар камакка алынды. 

Мурдагы УКМК башчысы А. Сегизбаев да бүгүнкү күндө А. Атамбаевдин жанынан көрүнбөйт. Экс-баш прокурор И. Жолдубаева таптакыр байланышка чыкпай калганын КСДП партиясынын маалымат катчысы К. Жолдубаева билдирди. “Экс-башкы шоопур” И. Илмиянов да кайда жүргөнү белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда ал АКШда жашап атат. Ал жакта анын 2 кызы окуйт. Алардын окуусу, тамак-ашы, батир акысы үчүн эле орто эсеп менен жылына 150 миң доллардын тегерегинде каражат кетет. Анча акчаны Илмиянов кайдан таап атканы да табышмак. 

Айтор, азыркы тапта Атамбаев Кой-Таштагы хансарайында бөтөлкө менен “сүйлөшүп” эле отуруп калды дешет. Анда-санда Ф. Ниязов бөтөлкө жеткизип турат экен. Башка эч ким жок. Баягы көзүнүн кареги менен тең айлангандардан дайын жок. Эл алдына чыгып, бирдеме сүйлөюн десе, калкып чыгып аткан коррупциялык иштеринен бети чиркөө болуп турат. Ошондон улам, ал “Баары качып жоголду, бөтөлкө достон башкасы” деген саптары менен жаңы ырды чыгарып, гитара менен коштогону турганын айтышууда. 

Булак: Маалымат.кж

Последние новости