www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин бийликте аба-ырайы кандай, бийлик башчысы чүчкүрсө “акчүч” деп бардыгы жата калышат. Кокустан бийлик башчысы бийлигинен айрылса, аны эч ким карабай, жаңы бийлик башчысынын чүчкүрүгүн аңдып калышат. Жакынкы төрт жылда,  күн жер жүзүндө болуп көрбөгөндөй ысый турганы болжолдонууда. Бул  тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка  караганда, Британиянын метеорологиялык бюросу 2020-2024-жылдары буга чейин байкалган температурадан 1,06-1,62 градуска жылуу болорун, ошондой эле индустриалдык доорго чейинкиден 1,15-1,46 градуска ысый турганын белгилейт. Адистер бул жылдар байкоо жүргүзүлгөндөн бери күндүн ысышы боюнча рекорд койгон 2016-жылдан да ашып түшөрүн божомолдоп жатат.

"Көпчүлүк аймактарда адаттагыдан да жылуу болот, биздеги аба ырайынын схемасы Европанын түндүк тарабы, Азия жана Түндүк Америкада аптаптуу ысык болорун божомолдоодо", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 1980-жылдан бери ар 10 жыл сайын күндүн жылып жатканы байкалган. Температура кургакта эле эмес, жылуулуктун 90 пайызын өзүнө сиңирип алчу океандарда дагы жогорулай турганы айтылат. Былтыр дагы ысык катуу болуп, 2016-жылдагы рекордго жакындай түшкөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости