www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы медициналык мекемелерди кыдырып, илдеттин алдын алуу даярдыктарын көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкүл медициналык мекеме жана күндүзгү стационарларда райондук деңгээлде чечилбей жаткан маселелер боюнча кайрылуулары керектигин айтты.

“Облуста илдеттин жугуу көрсөткүчү төмөндөй элек. Ооруну жайылтпоо үчүн ыкчам чараларды көрүү зарыл. Бейтапканаларда орундар жана кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздиги жаралбашы керек. Жергиликтүү бийлик той-аштарды токтотуу чараларын көрүп, калк арасында түшүндүрүү иштерин алып барбаган жетекчилердин кызмат орундары да каралат”, - деди Сыргабаев.

Учурда Базар-Коргон аймактык ооруканасынын жугуштуу ооруулар бөлүмүндө 42 бейтап дарыланууда. 11 күндүн ичинде райондун борборунда ачылган күндүзгү стационарга 140 адам катталган. Мындан тышкары мобилдик топко 4 күндө 80 кайрылуу түшкөн.

Ал эми Ноокен аймактык ооруканасы жана Кочкор-Ата шаарында даярдалган кошумча жугуштуу оорулар бөлүмүндө 117 жаран дарыланып жатат. Алардын 13ү коронавирус, 104 бейтап пневмониядан жабыркагандар. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости