www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-октябрда эртең менен Бишкек шаарынын мэриясынын алдына мурдагы вице-мэрлер – Алимбек Абдылдаев менен Виктория Мозгачеванын кызматтан кеткенине нааразы болгон жарандар чогулду. Алар аталган мурдагы эки вице-мэрди кайра кызматтарына алып келүүнү талап кылып чыгышкан.

Белгилей кетсек, топтолгон адамдар менен жолуккан Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Абдылдаевди кеңешчи кылып дайындоого даяр экенин айтты.

Ошондой эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Абдылдаевдин үстүнөн 2 кылмыш ишин тергеп жатканын билдирди.

«Мен кылмышка шектүүлөр, уурулар менен иштешпейм», - деди Түлөбаев.

Ал мэрияга караган ишканалардын 5 директоруна да кылмыш иши козголгонун, алар да жумуштан алынарын кошумчалады.

Түлөбаев Виктория Мозгачева өзү кызматтан кеткенин белгиледи.

Муну менен бирге Түлөбаев бүгүнкү митингдин катышуучуларын эч ким жумуштан кетирбей турганын убадалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости