www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл 7 ай ичинде көмүр казуучу ишканалар тарабынан 796, 526 тонна көмүр казылды. Бул туурасында Кыргызкөмүр ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Жалпы көмүр менен камсыз кылуу үчүн республика боюнча 2 460, 727 тонна, анын ичинде Бишкек ЖЭБне 1 110 тонна, бюджеттик уюмдарга 240, 379 тонна, калкка-1 110,348 тонна керектелет.
Ал эми Бишкек ЖЭБне 2020-жылдын 18-майында түзүлгөн графиктин негизинде 70 миң тонна көмүр жеткизилди.
Жети ай аралыгында көмүр казуучу 41 ишкана тарабынан 796, 526 тонна 1 129,333 сомго казылды. Өлкөбүздүн түндүк аймагы боюнча 260,430 тонна, түштүк аймагында 536, 096 тонна көмүр чыгарылды. Үстүбүздөгү жылда бир тонна көмүр баасы карьерден сатып алынса, мурдагы жылдардай эле 1330 сомду түзөт. Жол кирени эске албаганда, мындай баа монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан коюлган.
Булак: NazarNews.kg