www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Зима не будет”: “Кыргыздар, жаз келди, болду эми чөбүңөрдү саткыла” –деп жатып, чөптү саттырып ийип, жаздын күнү эл катуу суукка кабылып, ушул заманда малын кырып алган. “Кырк кыз” кылыктанып жатса “бүгүнкү күндүн эсепчиси” Арстан Алай: “Зима не будет” деп ушул ат ага бекиген. “Кырк кыз” кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе бирде бүркөлүп, бирде жамгыр жааса бирде карлап, кыздардын мүнөзүндөй кылык көрсөтөт. Мындай табият кубулушун Эсенбай эсепчи: “Кырк кыз кылыктанып атат. Күн жаркырап тийип, кар ээрисе жаз келип калды дебегиле. Али көп оюндары бар бул кыздардын”- деп айткан.
0*С Жер бетинде суулар тоңо баштады...
Алды артын ойлобой,
Тойлоп жаткан, кыргыздар.
Шайлоо келип багат деп,
Ойлоп жаткан, кыргыздар.
Эсеби жок спирттер,
Агып жаткан, кыргыздар.
Эркектерди жубайы,
Багып жаткан, кыргыздар.
-10*С (суук). Бардык элдер от жага баштады.
Атка минер барын жеп,
Оңбойт экен, кыргыздар.
Ремонт кылып мештерин,
Ойлойт бекен, кыргыздар?
Бекер арак болсо деп,
Ойду ойлоп жатышат.
Мадумаров утат деп,
Тойду ойлоп жатышат.
-21*С (суук) Бардык элдер жылуу кийимдерин кийине баштады.
Кышкы кийим кымбаттап,
Кыргыздарды ыйлатат.
Табышат дейт конокко,
Арак, вино сыйлап бат.
Тезек терип келбесе,
Эми көмүр каякта?
«Ап» эткизет алтынды,
Сегизбаев заматта.
-40*С (суук). Бардык жерде аппак кар...
Бардык жерде аппак кар,
Кочкор гана капкара.
Имамидин Баткенде,
Имарат үчүн сарсанаа.
Саман, чөптү чокулап,
Башын басып охулап.
Акы бербей иштетип,
Акча санап отурат.
-75*С (суук). Сууктан көчөгө киши чыга албай калды...
Жалал-Абад тарапта,
Жакчусу бар экен дейт.
Жапаров деген көл жакта,
Жакшысы бар экен дейт.
Жээнбековдор «Гей» дешип,
Китеп кылып чыгышты.
Суук тоготпой Нарында,
Пикет кылып чыгышты.
-98*С (суук). Сууктун катуулугу сөөктөн өтөт.
Башын ийип кээ бирөө,
Партияга жагышты.
Президенттик шайлоо деп,
Кулак түрүп калышты.
Саунадан тердешип,
Буулар ойной баштады.
Исаев менен Ибраев,
Кумар ойной баштады.
-119*С (суук). Этил спирти тоңо баштады.
Кудуңдашып бул суукта,
Арак саткан тараптар.
Спирт тоңуп көчөдө,
Көтөрүлдү арактар.
Наркы өсүп арактын,
Акча толо баштады.
Көңүл түшүп кыргыздар,
Капа боло баштады.
-146*С (суук). Тоңгон темирлер чорт сына баштады...
Шайлоо келет жаңырып,
Кудай мындай бербеспи.
Конституция жазам деп,
Юрист-пюрист тердешти.
Кудалашып ИИМди,
Көтаниден чуу чыгат.
Талашышып мыйзамды
Парламенттен буу чыгат.
-218*С (суук). Бардык жерде абсолюттук нөл тынчтык, тиричилик токтоду...
Ичиркенип кыргыздар,
Өмүр берсе экен дейт.
Тольбаевди шайлайлы ,
Көмүр берсе экен дейт.
Өзбек тарап шайлоо деп,
Күтүп турат кезекти.
Кыргыз жүрөт талаада,
Терели деп тезекти.
-289,9*С (суук). Тозокто шайтандар тоңуп өлө баштады...
Тозок жакта шайтандар,
Тоңуп өлө баштады.
Бийлик тарап элине,
Көңүл бөлө баштады.
Печка, мешин эми араң,
Ойлойт экен кыргыздар.
Шайтан өлгөн суукта да,
Тоңбойт экен кыргыздар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg