www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мен Жогорку Кеңеште депутат болуп турган мезгилде ошол учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылгам», - дейт экс-депутат Исхак Масалиев. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди.

Анан айтымында, пандемия учурунда Өкмөт өз ишин так аткара алган эмес.

«Кайсы гана тармак болбосун сен мойнуңа алган милдетиңди аткара албасаң, сөзсүз түрдө жоопко тартылышың керек.

2020-жыл COVID-19га байланыштуу өтө оор жыл болду. Биз үчүн эле эмес дүйнө элине көптөгөн түйшүктөрдү алып келди. Бирок, буга карабастан, Өкмөт жарандардын алдында өз милдеттерин так аткарышы керек. Себеби, жарандар өз милдеттерин кынтыксыз аткарышат. Эгерде алар салык төлөбөсө, аларга айып пул салынат. Эрежени бузса, тийиштүү жоопкерчиликке тартылат.

Анан эмне үчүн Өкмөткө же Жогорку Кеңешке андай чаралар колдонулбайт?

Ошол кездеги Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү «коюлган тапшырманын 80%ын аткарып, 20% аткара алган жокбуз» деп отчёт берген. Анысы аз келгенсип, жылдын ортосунда бекитилген бюджеттин көлөмүн Өкмөттүн өтүнүчү менен азайтып бергенбиз. Ошондо дагы Өкмөт алдыга коюлган тапшырманы аткара албай, элдин ишенимин актаган жок.

Эгер мамлекеттик кызматкер ишин эптей албай жатса, анда тез арада кызматын тапшырып бериши керек. Мен Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматтан кетүүсүн адилеттүү чечим болду деп эсептейм», - дейт Исхак Масалиев.

Белгилей кетсек, «Кыргызстан коммунистер» партиясынын төрагасы, саясий ишмер Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин 4 жолку депутаты болгон.

Эскерте кетсек, Исхак Масалиев 2020-жылдын 21-майында депутаттык мандатын тапшыраарын парламенттин жыйынында айткан.

Анда саясий ишмер депутаттык ыйгарым укуктарын токтотууга себеп катары:

«Төрт жолу депутат болуп шайландым, бирок он беш жылда да мыйзамды тоготпой, четке кагып койгон учур болгон эмес», - деген жүйө келтирген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости