www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда авторитардык режим, ошондуктан бийликтегилери светтерин чет мамлекетке сатып байышса, карапайым элинин светтери маал-маалы менен өчүрүлүп турат. Бизде парламенттик бийлик, светтин өчүп-өчпөгөнүнө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жооп бериш керек. Эгер жарык өчө турган болсо, анда кыжырданган эл Абылгазиев эмес балакет болсо да  өкмөт башынан алып түшөт.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдан бери бийликте, үчүнчү жылга аяк басты. Аста секин келатат, 2016-жылы Казакстандан 1 квтына 5 сом 61 тыйындан алганбыз, баа көтөрүлүп электрдин баасы 700 квттан соң 2 сом 16 тыйын болгон. Кызыгы, биз ошол замат кымбаттатабыз, бирок арзандатууга келгенде унутуп калабыз. Болбосо эмне себептен 2 сом 16 тыйындан кармап турабыз? Же электрге ортомчу ишканалардын жетекчилери Сеит жана Сейтек Атамбаевдердин бизнеси гүлдөсүн деппи? Ленин учурунда жазыптыр: «Коммунизм - бул совет мамлекетин плюс электрлештирүү» деп. Коммунизмди болсо ортомчу фирмалар гана ойлоп калды. Элге электрдин арзанчылыгы гана керек, электрге баа качан арзандары белгисиз. Андан тышкары светти өчүрүү тууралуу ойлобош да керек.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылдан 2017-жылга чейин. Жогорку Нарын каскаддарына ГЭС курам деп 38 млн доллар Орусиядан алып жок болуп, мамлекет төлөмөр болду. Аны чехтердин аферист «Лигласс» фирмасы алып, эл араң токтотуп калды. Ошол бойдон ГЭС курулган жок. 70 тыйынга түшүрүлгөн электр 2 сом 16 тыйынга көтөрүлдү. Артыкбаевдин ордуна мурун соттолгон Турдубаев министр болор менен өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 20-ноябрында «Электрэнергиясынын 2014-2017-жылдардагы тарифи жөнүндө» № 660 токтомго кол коет. Бул токтомдун негизинде Жылуулук-энергетика комплексинде Мамлекеттик агентчилик (ГАРТЭК) түзүлөт. Казакстандан 1 квт/ саат электрэнергияны 5 сом 61 тыйындан импорттоп алып жатабыз дешип, электрге болгон тарифти көтөрүшүп, 700 квт/ сааттан өткөн ар бир квт/ саат электрэнергиясынын наркын 300 пайызка көтөрөт, электрэнергиянын баасы 2 сом 16 тыйын болуп калат.Ушунун айынан 2014-2015-жылы гана калк 2 млрд. 200 млн сом ашыкча акча төлөшкөн, андан кийинки жылдарды эсептебей эле коелу. 2016-жылдын январынан баштап Казакстандан 1 квт/саат да электрэнергияны алышкан эмес, бирок электрэнергияга болгон баа төмөндөгөн эмес.

ТЭЦти капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн ТВЕА ишканасына 386 миллион доллар алып келинип Кытайга карыз болдук. ТЭЦтин экс-директору Нурлан Өмүркул уулунун билдиргенине караганда ТЭЦти ремонт кылууга 250-260 млн доллар эле жетмек, калганы ашыкча дейт. Соттолгон министр Кубанычбек Турдубаев 2015-жылы гана ТЭЦке жабдыктарды сатып алуу үчүн 200 млн доллар кетирет. Документтер боюнча аттиштер 620 долларга, 30 килограммдык өрт өчүргүчтөр 1600 долларга сатып алынат. №4 казан (котел) 20,7 млн доллар болсо, консультанттардын жардамы 5,9 млн доллар, жетекчилерге кеткен чыгым 14,4 млн доллар болгон.Унаага кеткен чыгымдарга 9,3 млн доллар, проект түзүүгө 11,9 млн доллар, ошолорду окутуш үчүн гана 845 миң доллар коротулган. Курулушту убактылуу электр жана суу менен камсыз кылыш үчүн 453 миң доллар кеткен.

Роза Отунбаева 2010-жылдан 2011-жылга чейин. ГЭС курууга убакыт да болгон эмес, электрге болгон баа 1 сом 50 тыйындан 70 тыйынга түшүрүлгөн.

Бакиев Курманбек 2005-жылдан 2010-жылга чейин. Кыргызстандын экономикасынын оор кырдаалдарына карабай Камбар-Ата ГЭСи курула баштаган. Бишкек ТЭЦин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн эки долбоор каралып жаткан, бири 150 миллион долларга, экинчиси ТВЕА ишканасы 200 миллион долларга. Токтогул ГЭСинен Өзбекстан менен Казакстанды аралабай чет мамлекеттерден өз алдынча болуу үчүн «Датка-Кемин» долбоору жактырылып, ишке кирүү стадиясында турган. 2010-жылдын 1-январынан электрге болгон нарк 1 сом 50 тыйын. Электрге бааны көтөргөнү үчүн эл бийлигинен ажыраткан.

Аскар Акаев 1990-жылдан 2005-жылга чейин, 15 жыл. Эч бир ГЭС курулган эмес. ГЭСтерди, ТЭЦти менчиктештирүү боюнча бийлик тараптан катуу аракеттер болуп, акыры эл бийликти кетирүүгө мажбур болгон. Гиперинфляциядан улам электрге болгон нарк 1 квтка 1 тыйындан көтөрүлүп отуруп 140 сомго чыккан. Улуттук валюта киргизилип акчанын наркы 200 эсе түшүп, 1 квтка 70 тыйындан айланган. 1 тыйындан 14 000 тыйынга (140 сом) көтөрүлүү менен элдин эң таянган өзүбүздөн чыккан электри кол жеткиз товарга айланган.

Усубалиев – Масалиев 1961-жылдан баштап СССР тараганга чейин доор, отуз жылга чейинки убакыт. Кыргызстан киши башына электр берүү боюнча, бир гана СССРде эмес, дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан. Токтогул, Шамалды-Сай, Күрп-Сай, Үч-Коргон, Таш-Көмүр, Быстровка жана башка көптөгөн ГЭСтер, Бишкек ТЭЦ-1 курулган. ТЭЦ-2 курулуп бүтүп калган. Электрге болгон нарк 1 квт саатка эң төмөн 1 тыйындан болгон. Ал эми мугалим сыяктуу кээ бир бюджеттик кызматкерлер бекер пайдаланган.

Исхак Раззаков 1950-жылдан 1961-жылга чейин 11-жыл Кыргызстан компартиясын жетектеген. Раззаков жетектеп жаткан учурда Аламүдүн, Лебединовка, Пржевальск ГЭСтери курулган. Ильич шамын көрбөгөн көп айыл-кыштактарды электрлештирген. Электрге төлөөнүн наркы улам арзандап отуруп, 1 квт саатка 10 тыйынга, 1961-жылдан 1 тыйынга түшкөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Начало формы

Конец формы

 

Последние новости