www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 16-октябрында КР УКМК ККК Башкы прокуратурасынын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынны жүрүшүндө Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 60 миң сом параны кайтрып жаткан учурунда Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары «А.Н.К.» жана Жети-Өгүз райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү «Б.Э.Б.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Такталган боюнча «А.Н.К.» тергөөчү «Б.Э.Б.» менен биргеликте КР жараны «Э.А.» кылмыш ишин кыскартуу үчүн 100 сом өлчөмүндө пара талап кылып, 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адамдар КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Азыркы учурда тиешелүү тергөө ыкчам иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg