www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадрда көрүнүп тургандай, бир куткаруучу кобраны жылаңач колу менен эле суудан сууруп чыкты. Бирок беш адам жыландын башынан куйругуна чейин кармап турду.
Таиланддын калкттуу аймактарынын биринен табылган бул уулуу жылан учурда атайын корукка кое берилгени айтылууда. Ал эми кобранын адамдар жашаган аймакта жүргөнүн куткаруучуларга жергиликтүүлөр билдиришкен.
Белгилей кетсек, “Падышалык кобра” же “гамадрит” деп аталган бул уулуу жыландын жашоо узактыгы 30 жыл болсо, ошол жашоосунун баарында өсүп, узарат. Алардын чоңдорунун орточо узундугу 3-4 метр келет. Ошол эле убакта андан ирилери да табылып калат. Мисалга 1937-жылы Малайзиянын Негри-Сембилан штатынан табылган кобранын узундугу 5 метр 71 сантиметрге жеткен.
Булак: NazarNews.kg