www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чындыгында Жогорку Кеңеште элдин кызыкчылыгы үчүн иштейм деп келген депутаттар бар, бирок өтө аз. Өз кызыкчылыктары үчүн иштеген депутаттар да бар.

Бул тууралуу мурунку депутат Лунара Мамытова азыркы депутат Тазабек Икрамовдун “Азаттыкка” берген маегинде “депутаттар - өлкөнүн патриоттору” деген билдирүүсүнөн улам “Vesti.kg”нин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Мен Тазабек Икрамович менен таанышмын, ошондуктан, ал муну менен баардык депутаттарды айткысы келген эмес деп ишенем. Албетте, мен парламентти сындагым келбейт. Бирок, парламентке ар кайсы адам ар кайсы максат менен келет. Мисалы, мен парламентке жарандарыбызга жардам берүү гана ниетим менен барганмын. Башка эч бир максат жок болчу. Бирок, ачыгын айтып коюшубуз керек, мыйзамдарды өзүнүн бизнестери үчүн лобби кылгандар да бар. Депутаттар кайсыдыр бир мыйзам үчүн добуш берип коюсун кесиптештеринен суранып жүрүшкөндөрүн көп эле жолу көрдүм. Ал эми ошол суранган депутаттар ошол мыйзам өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып жатканынан шекшип калбашы үчүн өздөрү добуш беришпейт.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңешке “Өнүгүү” партиясынан депутат болуп келип, кийин “Өнүгүү” фракциясынан чыгып кеткен депутат Тазабек Икрамов “Азатыкка” берген маегинде "Өзүңөр билесиңер, Жогорку Кеңештин бюджети жок, ошондуктан биз көптөгөн кыскартууларга бардык. Балким айрымдар парламентке акча жасаганы барышат деп ойлошу мүмкүн. Бирок, парламентке чыныгы патриоттор гана келет. Парламентте чын дилинен өлкөнүн тагдырына күйгөндөр олтурат”, -деп айткан эле.

Албетте, Мамытованын айткандары буга чейин деле айтылып келген. Ал эми ошол бирөөлөрдүн же кайсы бир топтордун кызыкчылыктары үчүн мыйзамга “сүйлөшүүлөр” аркылуу добуш бергендер “кур аякка бата жүрбөйт” дегендей бекер, мындай эле макул боло коюшу кыйын. Мындай пикирлер эчак эле тар чөйрөдөн чыгып, коомчулук арасына сиңип кеткен. Айрыкча, көп акча айланчу, мисалы, ошол эле казино баш болгон кумар оюндары боюнча мыйзамдарды кабыл алууда депутаттарга ири суммадагы акчалар сунуштулганы, мындан сырткары, чет өлкөлөрдөн тымызын сунушталган мыйзамдар өзүбүздүн эле бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү тарабынан ар кандай “акча оюндары” жүрүп тураары тууралуу расмий эмес маалыматтар айтылып жүрөт.

Болбосо 350 000, 500 000 доллар беришип, Жогорку Кеңешке депутат болуп баруу зарылчылыгы барбы, азыркы, бүгүнкү биздин заманда?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости