www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын лидери Си Цзиньпин АКШнын президенти Джо Байден менен виртуалдык саммитте Гонконг жана адам укуктары маселеси Кытайдын ички иши экенин, Пекин эч кандай тышкы кийлигишүүгө чыдабай турганын айтты, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзян шейшемби күнү брифингде.

Белгилей кетсек, буга чейин Ак үй Байден Си Цзиньпинге Кытайдагы адам укуктары жана Шинжаң-Уйгур автономиялуу району, Тибет жана Гонконгдогу кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдиргенин айткан.

«Бүгүнкү жолугушууда АКШ адам укуктары деп аталган маселеге, анын ичинде Гонконг маселесине тынчсыздануусун билдирди, Кытай бул маселелер боюнча позициясын тактады», - деди дипломат саммитте Гонконг маселеси талкууланганбы деген суроого.

Чжао Лицзяндын айтымында, Кытай «тиешелүү иштер, анын ичинде Гонконг маселеси бир гана Кытайдын ички иштери жана эч бир өлкө ага кийлигишпеши керек» деп бир нече жолу баса белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости