www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-ноябрда каттоодон өтпөгөн "Казакстандын демократиялык партиясынын" лидери Жанболат Мамай баштаган топ Каржы базарын көзөмөлдөө жана өнүктүрүү агенттигинин Алматы шаарындагы имаратынын алдында акция өткөрүштү.

Алар үй-бүлөлөрүнүн каржылык абалы начарлап кеткенин айтып, насыялар боюнча карыздарын кечүүнү же кечиктирилген төлөмдөрдү азайтууну өтүнүштү.

"Менин үч насыям бар, ай сайын 113 миң теңгеден (260 доллардан ашык) төлөйм. Айына 40 миң теңгеден алган алиментти кошкондо да иштеп тапкан акчам бул сумманы төлөөгө жетпейт. Пайызы өсүп кетпесин деп кичи насыя берүү уюмунан дагы насыя алууга аргасыз болдум. Менде башка жол жок", — деди акция катышуучуларынын бири.

Чогулгандар менен агенттиктин Каржы кызматтарынын кардарларынын укуктарын коргоо департаментинин директору Александр Терентьев жолукту. Ал мекеме жарандардын даттанууларын индивидуалдуу түрдө карап чыгууга даяр экенин билдирди.

"Карыздарды кайтарып берүү керек. Биздин милдет — жарандын каржы абалына ылайыктап насыя төлөөнүн графигин түзүп берүү. Эгер насыя алган адамдын аны жабууга каражаты жок болсо, анда төлөө мөөнөтүн жылдырып берүү мүмкүндүгүн карап беришибиз зарыл", — деди ал.

Акция катышуучулары мекемеге арыздарын тапшырып, тарап кетишти. Жанболат Мамай агенттикте бул боюнча чечим кабыл алуу үчүн эки жума убактысы бар экенин айтты.

"Мыйзам боюнча чечим эки жуманын ичинде кабыл алынышы керек. Эгер бул аралыкта чечим кабыл алынбаса же бизди алдаса, кайра келип акция өткөрөбүз. Жок дегенде бул жерге келген адамдардын маселеси чечилиши керек", — деди Мамай.

Казакстандын тарыхында алгачкы жолу 2019-жылы насыя мунапысы ишке ашырылган. Анда бийлик күрөөсүз насыя алган 1,1 миллион жарандын 33 миллиард 620 миллион теңге өлчөмүндөгү пайыздары менен туумдары кечилгенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости