www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Рустам Иноятов 2018-жылдын августунан бери аркалап келген укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо маселелери боюнча президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду.

Азырынча Иноятовдун кызматтан алынышынын себептери белгисиз. Президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов анын ордуна бул кызматка Бахтиёр Исламов дайындалганын билдирди.

76 жаштагы Иноятов Өзбекстандын атайын кызматын дээрлик 23 жыл — 1995-жылдын июнь айынан 2018-жылдын январь айына чейин жетектеген. Ал өлкөнүн мурдагы президенти Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин өкмөттө узак убакыт иштеген көп эмес мамлекеттик ишмерлердин бири.

Иноятов жетектеген Улуттук коопсуздук кызматы бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстандагы эң жабык жана кубаттуу түзүмдөрдүн бири болуп эсептелип келет.

Рустам Иноятов атайын кызматтын башчылыгынан кеткен күндүн эртеси эле дароо сенатор болуп дайындалып, автоматтык түрдө кол тийбестикке ээ болгон.

Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, сенатордун кол тийбестиги бар адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, кармалбайт жана камакка алынбайт. Бул үчүн Сенаттын макулдугу керек болот.

Ачык булактарда Рустам Иноятовдун өмүр баяны тууралуу толук маалымат жок. ЦентрАзия.ру сайтындагы кыска билдирүүдө ал жогорку окуу жайды аяктагандан кийин советтик армияда кызмат өтөгөнү, ал жактан СССРдин Улуттук коопсуздук комитетине өтүп, Өзбек ССРинин атайын кызматында түрдүү офицердик кызматтарда иштегени жазылган.

1995-жылы июнда Иноятов Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагалыгына дайыдалып, 1996-жылы генерал-лейтенант, 1999-жылы Ташкенттеги жардыруулардан кийин генерал-полковник наамын алган.​

Ташкенттеги терактка тиешеси бар деп айыпталган Зайниддин Аскаров 2003-жылы түрмөдө батыш ЖМКларына маек берип, ал жардырууларды Улуттук коопсуздук кызматы уюштурганын билдирген. Анын айтымында, Ислам Каримов мындай жол менен өз бийлигин күчтөндүрүп, оппоненттерин жок кылууну көздөгөн.

Ташкенттеги теракттан кийин Өзбекстанда динге ишенгендерге жана өз пикири бар адамдарга карата куугунтук башталган. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, миңдеген өзбекстандык камакка алынып, жүздөгөн киши өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

2005-жылы май айында эгемен Өзбекстандын тарыхындагы эң кайгылуу окуялардын бири болгон. Расмий маалыматтарда Анжиядагы кагылышууларда 187, бейрасмий билдирүүлөрдө бир нече миң киши каза болгону айтылган. Айрымдар бул окуяны массалык адам өлтүрүү деп атап келишет.

Рустам Иноятов бул окуяларга байланыштуу Европа биримдиги (ЕБ) киргизген санкциялардын алкагында ЕБ аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын бири болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости