www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай АКШнын расмий өкүлдөрүнүн Бээжинге каршы билдирүүлөрү менен Иранга  карата санкцияларын сынга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарында АКШнын саясатчылары "Covid-19" оорусу боюнча Кытайга негизсиз айыптоолорду киргизишкен жана айрым өлкөлөргө санкция киргизүү үчүн адам укуктарынан пайдаланышканын жазды.

"АКШ өлкөдө Covid-19 вирусунун жайылышын көзөмөлгө ала албагандыгын жашырууга аракет кылып жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, АКШнын сенатору БУУнун баш катчысы Антонио Гутерришке кат жолдоп, Кытай вирус оорусун жашырышкан деп айыптаган. Бирок басылманын маалыматы боюнча, алардын негизсиз айыптоолору четке кагылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости