www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Синьхуа агенттиги билдиргенине караганда Кытай аскерлери бүт психикасын жана күчүн алдыдагы согушка даярданууга жумшашы керек, - деди  Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Гуандун провинциясындагы аскер базасына жолугушуу учурунда.

Си Цзиньпин Чаочжоудагы Кытай Элдик-Боштондук Армиясы деңиз жөө аскерлеринин абалын көрүп жатканда, аскер кызматкерлерин жогорку деңгээлдеги кыраакылыкты сактоого чакырды. Ошондой эле алардан абсолюттук берилгендикти, ишенимдүүлүктү жана актыкты талап кылган. Ошол эле учурда, Кытай лидери Деңиз аскерлери - бул Кытайдын улуттук эгемендигин, коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн иштелип чыккан элиталык бөлүк экендигин эске салды.

CNN билдиргендей, Си Цзиньпиндин Гуандун провинциясына сапарынын негизги максаты Шэньчжэнь атайын экономикалык аймагынын 40 жылдыгына арналган салтанатка катышуу болгон. Белгилей кетсек, учурда Кытай-АКШ мамилелери коронавирус пандемиясы жана Тайвань аралына байланыштуу өтө чыңалган бойдон калууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости